БШК: саат 14:00гө карата шайлоочулардын 53,12% добуш берди

БШК: саат 14:00гө карата шайлоочулардын 53,12% добуш берди

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Астана убактысы боюнча саат 14:00гө карата өлкө жарандарынын 53% ашыгы добуш бергенин билдирди. Ошентип, бир палаталуу Курултайга шайлоодо 6 миллион 696 миңден ашык адам жарандык позициясын билдирди. Эң жогорку активдүүлүк Кызылорда облусунда катталды. Ал жакта тургундардын 64% ашыгы добуш берген. Абай облусунда бул көрсөткүч 63% бир аз жогору, ал эми Жетису облусунда - 62,89% түздү. Шайлоо участкалары ишин улантууда, жарандардын катышуусу тууралуу маалыматтар күн бою жаңыртылып турат.

Шавкат Утемисов, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы:

– Өлкө боюнча саат 14:00гө карата 6 696 002 шайлоочу бюллетень алышты, бул добуш берүү тизмесине киргизилгендердин санынын 53,12% түзөт. Жарандардын убактылуу жайгашкан жерлериндеги 305 тилкеде добуш берүү аяктады. Шайлоочулардын участкаларга катышуусу тууралуу кийинки маалымат саат 16:00дө берилет.

Которгон: Назира Бегалиева