Казакстан менен Омандын соодасы жаңы импульска ээ болот

Казакстан менен Омандын соодасы жаңы импульска ээ болот

Казакстан менен Омандын ушул жылдын жети айындагы соода алакасы 300 миң доллардан ашты. Өлкө Оман рыногуна унаа тетиктерин, электр шаймандарын жана желимден жасалган буюмдарды жеткирет. Экспорт 92 миң долларды түздү. Импорт дээрлик 213 миңге жетип, 2,5 эсеге өстү. Омандан республикага парфюмерия жана косметикалык өнүмдөр, ошондой эле жез рудалары жана концентраттары алынып келет. Мында экономикалык кызматташтыктын дарамети сооданын азыркы көлөмүнөн алда канча кеңири, деп белгилешет талдоочулар. 2005-жылдан бери Омандан Казакстанга түздөн-түз инвестициялардын агымы 253 миллион доллардан ашты. Оман капиталы мунай жана газ тармактарында да бар. Азыркы учурда тараптар ишкердик байланыштарды активдүү өнүктүрүп, өз ара сооданы кеңейтүүнү көздөшүүдө. Келечектүү багыттардын катарында казакстандык айыл чарба жана өнөр жай өнүмдөрүн аталган мамлекеттин рыногуна жеткирүү бар.

Алишер Базарбаев, Дүйнөлүк экономикалык институтунун изилдөө борбору мүдүрүнүн орун басары:

– Казакстан дан, ун, эт жана башка азык-түлүк өнүмдөрүн жеткирүүнү көбөйтө алат. Мындан тышкары, азыр бизнес үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Башкача айтканда, өлкөлөр өкмөттөр аралык комиссиянын ишин өнүктүрүп, биргелешкен ишкерлер кеңешин жана институционалдык фонд түзүүнү талкуулап жатышат. Мисалы, Казакстан Перс булуңу жана Инди океанындагы рынокторго кошумча чыгуу катары Омандын портторуна кызыкдар. Ал эми мүмкүн болгон багыттардын бири Казакстан, Түркмөнстан жана Иран аркылуу, андан ары деңиз портторуна өтүү болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков