Бүгүн Акордада Азия оюндарынын жана Паразия оюндарынын жеңүүчүлөрү менен байге ээлери сыйланды. Казакстандын президенти казакстандык спортчулардын Жапониядагы ХХ жайкы Азия оюндарында жана V Азия Пара оюндарында көрсөткөн жогорку натыйжаларын белгиледи. Өлкө спортчулары жалпысынан 130дан ашык медаль жеңип алышкан. Алардын 20дан ашыгы — алтын медаль.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Улуттук курама командабыздын талыкпаган эмгегинин аркасында Азия оюндарынын ареналарында Мекенибиздин гимни бир нече жолу жаңырып, асман түстүү желегибиз бийик желбиреди. Мен үчүн спортчуларыбыздын ар бир ийгилиги – чыныгы патриоттуулуктун салтанаты. Бардык мекендештерибиз сиздер үчүн чын дилинен күйөрман болуп, тынчсызданышты. Сиздер курама команданын куржунуна алып келген сыйлыктар бардык казакстандыктар үчүн, өзгөчө өсүп келе жаткан муун үчүн шыктандыруучу булак болуп, мүнөздүн бекемдигине жана жеңишке болгон эрктин үлгүсүн көрсөттүңүздөр. Ушул салтанаттуу учурда, Мамлекет башчысы катары сиздерге дагы бир жолу чын дилимден ыраазычылык билдирем.
Президенттин айтымында, ата мекендик спортчулардын жеңиштери өлкөдө болуп жаткан масштабдуу өзгөрүүлөрдүн духун толугу менен чагылдырат. Алсак, Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, Казакстандын ИДӨнүн көлөмү региондогу эң жогорку көрсөткүчкө – 398 миллиард долларга жетти. Касым-Жомарт Токаев азыр токтоп калбай, дараметти мындан ары да арттыруу керектигин баса белгиледи. Келерки жылы өлкөдө масштабдуу жалпы улуттук курулуш иштери башталат. Кайрылууда жарыяланган «Элдик курулуш» долбоорунун алкагында бардык аймактарда мектептер, ооруканалар, маданият борборлору жана спорт комплекстери курулат. Бул социалдык объектилер казакстандыктардын күнүмдүк турмушун сапаттуу өзгөртөт.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Программанын алкагында жаңы спорттук курулмалар жана инклюзивдүү борборлор курулат. Казакстандагы ар бир бала спорт менен машыгууга мүмкүнчүлүк алышы керек. Бул жөн гана социалдык долбоор эмес, бул стратегиялык саясий милдет. Келечектин чемпиондору бүгүн өлкөбүздүн эң алыскы бурчтарында өсүп жатышат, биз алардын ар бири үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришибиз керек. Адилеттүү Казакстан идеясынын түпкү максаты ушунда турат.
Өлкөдө спортту өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулууда. Акыркы 5 жылда бул тармакка 616 миллиард теңгеден ашык каражат багытталды. Өткөн жылы мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен артыкчылыктуу спорт түрлөрү аныкталды. Мамлекет башчысынын пикиринде, бүгүнкү күндө бул тармак мамлекеттердин дүйнөлүк кадыр-баркынын жана репутациясынын маанилүү бөлүгүнө айланды. Казакстан бул жаатта спорттук держава катары өз ордун бекемдөөдө. Келерки жылы өлкө бокс, дзюдо, таэквондо, үстөл тенниси жана киберспорт боюнча дүйнө чемпионаттарын кабыл алат. Мындан тышкары, жазында борбор калаада УЕФАнын Конгресси өтөт. Касым-Жомарт Токаев спортчуларга алдыдагы мезгилге карата милдеттерди койду. Атап айтканда, Лос-Анжелестеги Олимпиадага даярдыкты баштоо тапшырылды. Президент белгилегендей, буга бардык деңгээлде — спортчулар гана эмес, тармактык министрлик жана спорт федерациялары да тартылышы керек. Ал эми XX жайкы Азия оюндары жана V Азия параоюндарындагы жогорку спорттук жетишкендиктери үчүн Мамлекет башчысы спортчуларга мамлекеттик сыйлыктарды — «Парасат» жана «Урмат» ордендерин, ошондой эле «Эрен эмгеги үчүн» медалын тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

