Казакстан менен Кытай энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө

Казакстан менен Кытай энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө

Астанада жашыл энергетика жабдууларын тейлөө борбору ачылды. Ал «Кытай – ШКУ» соода-экономикалык институтунун алдында түзүлгөн. Борбор заманбап техникалык чечимдерди киргизүүгө, ошондой эле электр станцияларынын жабдууларын орнотуу жана оңдоо иштерин коштоп жүрүүгө, Борбор Азия жана ШКУнун башка аймактарынан келген инженерлерди жана техникалык адистерди инновациялык жашыл технологиялар менен иштөөгө окутууга жардам берет. Жаңы аянтча Казакстан-Кытай техникалык кызматташтык форумунда тааныштырылды.

Чжэн Ши, «Кытай - ШКУ» соода-экономикалык институтунун мүдүрү:

– Борборубуздун ишинин алкагында биз адистерди Астанада, ошондой эле Кытайдагы Соода-экономикалык институтубузда окутабыз. Бизде генераторлор, компрессорлор, газ турбиналары, буу турбиналары тармагындагы ири өндүрүүчүлөр менен тыгыз байланыш бар. Биз бул техниканы тейлөө боюнча адистерди, анын ичинде казакстандык стандарттарга ылайык даярдайбыз.

Эки өлкөнүн компанияларынын форумунда алдыңкы технологияларды киргизүү жана өндүрүштү жергиликтүү жерде жайгаштыруу талкууланды. Кытай өнөктөштөрү Казакстанда жүзгө жакын долбоорго катышууну пландап жатышат. Келечектүү жашыл багыттардын арасында - өнөр жай орнотмолорунун жылуулугун пайдалануу аркылуу электр энергиясын өндүрүү жана геотермалдык ресурстарды өздөштүрүү бар. Караганды турбина-механикалык заводу да биргелешкен ишке кошулууга даяр. Компания кытайлык өндүрүүчүлөр менен бирге буу турбиналарынын тетиктерин чыгарууну уюштурууга үмүттөнөт. Казакстандык энергетиктер ошондой эле кесиптештеринин энергияны үнөмдөө, натыйжалуулукту жогорулатуу жана эмиссияларды тазалоо жаатындагы тажрыйбасына кызыкдар.

Галымбек Ауталипов, «Самрук-Энерго» ААКнын өндүрүш боюнча башкаруучу мүдүрү:

– Биз кытай кесиптештеринин тажрыйбасын электр энергиясын натыйжалуу өндүрүү жагынан гана эмес, таза көмүр технологиялары жагынан да колдонобуз. Газ тазалоочу жайларыбыздын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн алар бизге эмне сунуштай аларын, алардан эмнени үйрөнүп, өзүбүздө ишке ашыра аларыбызды көргүбүз келет. Алар биздин ишканада эмнени колдоно алабыз, эмнени өздөштүрө алабыз деген жагынан биздин мүмкүнчүлүктөрүбүзгө кызыгышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков