Казакстан менен Тажикстан кызматташтык боюнча 14 документке кол коюшту

Казакстан менен Тажикстан кызматташтык боюнча 14 документке кол коюшту

Астана менен Дүйшөмбү кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын аныкташты. Касым-Жомарт Токаев менен Эмомали Рахмон Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Казакстан менен Тажикстандын президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында 14 макулдашууга жана меморандумга кол коюлду. Эске салсак, Эмомали Рахмон Астанага расмий сапар менен келген. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, Казакстан менен Тажикстандын ортосунда чечилбеген эч кандай маселе жок. Тескерисинче, эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча өнүгүүнүн оң динамикасы байкалууда. Атап айтканда, инвестициялык байланыштар кеңейип, соода-экономикалык алакалар бекемделүүдө. Мисалы, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 1 миллиард доллардан ашты, ал эми быйылкы жылдын 8 айында ал дээрлик үчтөн бир эсеге көбөйдү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Товардык номенклатура кеңейип, ар кандай өнүмдөрдү жеткирүү көлөмү өсүүдө. Темир жол транспорту менен экспорттук-импорттук жүк ташуулардын өсүшү байкалууда. Бизнес деңгээлиндеги байланыштар жанданды. Бизнес-форумдардын жана атайын соода миссияларынын жыйынтыгы боюнча жетишилген коммерциялык макулдашуулар пландалгандай ишке ашырылууда. Ушул фондо биздин жылдык соода жүгүртүүбүз туруктуу түрдө 1 миллиард доллардан ашат, мунун эсебинен Казакстан Тажикстандын эң ири үч соода өнөктөшүнүн катарындагы ордун туруктуу сактап келет.

Эмомали Рахмон, Тажикстан Республикасынын Президенти:

– Бүгүнкү күндөгү биздин жалпы милдетибиз – стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди жаңы практикалык натыйжалар менен байытуу. Жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуулардын ырааттуу аткарылышын камсыз кылуу маанилүү. Бүгүнкү сүйлөшүүлөр бизге өз ара кызматташуубуздун бүтүндөй комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча конкреттүү кадамдарды аныктоого мүмкүндүк берет деп ишенем.

Тараптар 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жол картасын кабыл алышты. Казакстандын Президентинин айтымында, айыл чарба тармагында олуттуу резервдер бар. Өткөн жылы өлкөлөр ортосундагы айыл чарба өнүмдөрүн жеткирүү болжол менен 600 миллион долларды түзүп, бул эки тараптуу сооданын жарымын ээлеген. Тараптар айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү боюнча толук кандуу өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө ниеттенишүүдө. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле энергетика, мунай-газ, тоо-кен металлургиясы, кайра иштетүү жана транзиттик-транспорттук секторлордогу өз ара пайдалуу өнөктөштүк чоң келечекти ачып жатканын белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Өткөн жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы автоунаа жана темир жол ташууларынын көлөмү тиешелүүлүгүнө жараша 8% жана 15% га көбөйүп, болжол менен 7 млн тоннаны түздү. Эки өлкөнүн ташуучулары үчүн түзүлгөн шарттар үстүбүздөгү жылда да оң динамиканы сактап калууга мүмкүндүк берди. Жүктөрдүн үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кыла турган транспортту санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Касым-Жомарт Токаев тараптар суу жана IT тармактарында кызматташтыкты күчөтө тургандыгын баса белгиледи. Астана ошондой эле Дүйшөмбүгө бардык багыттар боюнча 2030-жылга чейинки Кызматташтыктын комплекстүү планын иштеп чыгууну жана кабыл алууну сунуштады. Мындан тышкары, мамлекет башчысы белгилегендей, өлкө Тажикстандын 2028-2029-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдойт.

Касым-Жомарт Токаев эки мамлекеттин ортосундагы көп кырдуу байланыштарды тереңдетүүдө Президент Эмомали Рахмондун өзгөчө ролун белгилеп, аны Борбор Азиянын улуу окумуштуу-философунун урматына аталган жаңы «Qoja Ahmet Yasaui» ордени менен сыйлады.

Ошондой эле Астанага болгон сапардын алкагында Тажикстандын Казакстандагы элчилигинин жаңы имаратынын ачылышы болду. Эки өлкөнүн лидерлери салтанаттуу аземге катышышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков