Казакстан БУУнун Уставынын максаттарына жана принциптерине берилгендигин сактайт жана тынчтык, коопсуздук, туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында Уюмдун бардык мүчө-мамлекеттери менен кызматташууну улантат. Нью-Йорктогу Башкы Ассамблеянын 81-сессиясынын жалпы талкуусунда республиканын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди өлкөнүн эл аралык күн тартибинин негизги маселелери боюнча көз карашын билдирип, тышкы саясаттын артыкчылыктарын белгиледи. Ал Казакстан үчүн көп тараптуулук ишенимди бекемдөөнүн негизги куралы экенин белгиледи. Мухтар Тлеуберди трибунадан жаңжалдашкан тараптарды мүмкүн болушунча эртерээк сүйлөшүү үстөлүнө отурууга чакырды. Министр БУУну реформалоо маселесине өзүнчө токтолду.
Мухтар Тлеуберди, Тышкы иштер министри:
– Президент Токаев Бириккен Улуттар Уюмунун алдыда турган чакырыктарды чечүү үчүн мамлекеттерди бириктирүү жөндөмдүүлүгү боюнча уникалдуу, бирдиктүү универсалдуу платформа катары алмаштыргыс ролун бир нече жолу баса белгиледи. Бирок, өзүнүн дараметин ишке ашыруу үчүн БУУ аракеттенүүгө, ыңгайлашууга жана натыйжаларга жетишүүгө мүмкүнчүлүгү болушу керек. Бул жаңыланууда БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоо өзгөчө мааниге ээ.
Сөз сүйлөөдө суу маселеси өзгөчө орунду ээледи – бул Казакстан үчүн өтө актуалдуу. Өлкө БУУнун мүчө мамлекеттерин суу ресурстарын башкарууну эл аралык деңгээлге чыгаруу үчүн күч-аракеттерди координациялоого чакырат. Ал эми демилгелерди ишке ашырууну так жана натыйжалуу кылуу. Телеканалга берген маегинде Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди бул милдетти аткаруу үчүн Казакстандын өнөктөштөрүнүн катышуусу талап кылынарын белгиледи.
Мухтар Тлеуберди, Тышкы иштер министри:
– Биз Эл аралык суу уюму Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын ажырагыс бөлүгү болушу керек деп эсептейбиз. Албетте, мүчө мамлекеттердин арасында ар кандай пикирлер бар. Негизги маселелердин бири - мындай уюмду түзүү үчүн зарыл болгон бюджет керек. Бирок, дүйнөдө мурдатан эле белгилүү платформалар бар. БУУнун суу платформасы жөнүндө айта турган болсок, ал дээрлик Эл аралык суу уюмуна айланууга даяр.
Буга кошумча, куралсыздандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тышкы иштер министри Казакстандын өзөктүк куралсыздандыруу боюнча ырааттуу позициясын тастыктап, өзөктүк державалардын ортосунда диалогду жандандырууну колдоду, ошондой эле өлкөнүн Биологиялык коопсуздук боюнча эл аралык агенттигин түзүү демилгесин белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

