К. Токаев Каржылык мониторинг агенттигинин төрагасын кабыл алды

К. Токаев Каржылык мониторинг агенттигинин төрагасын кабыл алды

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыктары тууралуу Казакстандын Президентине Каржылык мониторинг агенттигинин төрагасы Жанат Элиманов баяндама жасады. Бул мезгилде жети кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, көмүскө криптоалмаштыргычтардын иши токтотулду. Мамлекет башчысына ошондой эле КМШда биринчи жолу уюлдук байланыш операторлорунун ишин имитациялоо жана фишингдик SMS билдирүүлөрдү массалык түрдө таратуу үчүн атайын жабдууларды колдонгон схема ачыкка чыгарылганы тууралуу маалымат берилди. Агенттиктин төрагасы бюджеттик каражаттардын чыгымдалышын көзөмөлдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. 52 инфраструктуралык долбоор боюнча жалпы суммасы 279 миллиард теңгени түзгөн негизсиз чыгымдардын алдын алуу мүмкүн болду. Каржылык мониторинг жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүүнүн натыйжасында Казакстандын ФАТФтын төрт негизги сунуштамасы боюнча рейтинги жогорулады. Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысы Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Которгон: Назира Бегалиева