Түркмөнстан менен Кытай экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдө

Түркмөнстан менен Кытай экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдө

Түркмөнстан менен Кытай экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүүгө ниеттенүүдө. Бул маселелер Шанхайда эки өлкөнүн мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жаткан эки тараптуу бизнес-форумда талкууланууда. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кызматташтык тууралуу бир катар документтерге кол коюу мерчемделип жатат. Жолугушууларда тараптар мунай-газ тармагын өнүктүрүү, курулуш жана транспорттук дарамет маселелерин талкуулашууда. Ошондой эле сууну үнөмдөөчү технологиялар жана айыл чарбасы үчүн башка инновациялык чечимдер да көңүл борборунда. Параллелдүү түрдө Түркмөнстан Кытайдын эл аралык импорттук көргөзмөсүндө өзүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүдө. Улуттук павильондо түркмөн компанияларынын өнүмдөрү жана инвестициялык долбоорлору коюлган.

Сюй Епин, көргөзмөнүн жоопкерчиликтүү катчысы:

– Көргөзмө Евразия аймагындагы өлкөлөр, биринчи кезекте Борбордук Азия өлкөлөрү менен экономикалык жана техникалык кызматташтыкты чыңдоо максатында уюштурулган. Бүгүнкү күнгө чейин биз «Кытай - Евразия» көргөзмөсүн тогуз жолу ийгиликтүү өткөрдүк. Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасы менен биз кол койгон келишим кытайлык ишканалардын аталган мамлекеттин  рыногуна чыгуусуна дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзөт. Ошол эле учурда, биз өнөр жай жана жогорку технологиялар тармагында кызматташууну өнүктүрүү үчүн түркмөн компанияларын Кытайга тартууну көздөп жатабыз.

Торбен Солл, БУУнун сатып алуулар боюнча мүдүрүнүн орун басары:

– Мен көргөзмөгө ар кандай стенддер менен таанышуу үчүн келдим, өзгөчө көзгө урунган стенддердин бири – Түркмөнстандын экспозициясы. Бул жерде көрсөтүлгөн товарлардын көп түрдүүлүгү жана алардын сунушталышы мени абдан таң калтырды. Бул Түркмөнстандын дараметин, жалпы мамилесин жана өлкөнүн дүйнөгө эмне сунуштай аларын көрсөтүп турат. Мен көргөзмөгө келип, бул стендди көрүп, Түркмөнстан сунуштай турган ар түрдүүлүккө күбө болгонума абдан кубанычтамын.

Которгон: Илгиз Жамалбеков