К. Токаев өзгөчө кырдаалдар министрлигинин артыкчылыктуу иш багыттарын аныктады

К. Токаев өзгөчө кырдаалдар министрлигинин артыкчылыктуу иш багыттарын аныктады

Куткаруу кызматтары суу ташкындарына, өрттөргө жана башка сезондук кырсыктарга алдын ала даяр болушу керек. Президент Касым-Жомарт Токаев жаңы өзгөчө кырдаалдар министри Мурат Мухановго ушул жана башка милдеттерди койду. Мамлекет башчысы райондук жана айылдык бөлүмдөрдү өнүктүрүүнү, алардын техникалык жабдууларын, коомдук эскертүү системаларын жакшыртууну тапшырды. Артыкчылыктуу багыттарга өнөр жай жана сейсмикалык коопсуздук, куткаруучуларды окутуу, кырсыктарды алдын ала айтуу жана эрте аныктоо үчүн жасалма интеллектти ишке ашыруу кирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков