Казакстан транзиттик жүк ташуу көлөмүн жылына 100 млн тоннага жеткирүүнү көздөйт

Казакстан транзиттик жүк ташуу көлөмүн жылына 100 млн тоннага жеткирүүнү көздөйт

Казакстан Евразиянын негизги транспорттук-логистикалык хабы катары позициясын бекемдеп жатат. Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмаларынын алкагында өлкөдө транспорттук инфраструктура масштабдуу модернизацияланууда. Ошентип, акыркы жети жылда 36 миң чакырымдан ашык автоунаа жолдору курулуп, реконструкцияланып, оңдолгон. Быйыл гана жол иштери менен 11 миң чакырымдан ашык аймак камтылган. Калбатау - Майкапшагай, Курты - Конаев жана Кызылорда - Жезказган багыттарында ири долбоорлор аяктады. Жолдун сапатына жана бышыктуулугуна өзгөчө көңүл бурулат.

Мадияр Абдуали, Транспорт министрлигинин автоунаа жолдор комитетинин жергиликтүү тармакты өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси:

– Жол активдеринин сапаты боюнча улуттук борбор текшерүүлөр жүргүзүлөт. Адистер барып, асфальттын үлгүлөрүн алып, аткарылган иштердин сапатын текшеришет. Эгерде бузуулар аныкталса, подрядчик аларды өз эсебинен жоюуга милдеттүү жана ошол эле учурда сапат борборунун эскертүүлөрү жоюлмайынча объект пайдаланууга берилбейт. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык жолдордун үлүшүн 95%га, ал эми жергиликтүү тармактын үлүшүн 92%га жеткирүү пландалууда.

Темир жол тармагы да өнүгүүдө. Акыркы 5 жылда Казакстанда беш миңге жакын чакырым темир жол курулуп, модернизацияланган. Эң ири долбоорлордун катарына Достук-Мойынты магистралы жана Алматы шаар айланма темир жолу кирет. Дарбаза – Мактаарал, Аягоз-Бахты сыяктуу жаңы багыттардын курулушу уланууда, бул транспорт коридорлорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, жүк ташууну тездетет. Авиация тармагында да олуттуу жылыштар бар. Эл аралык каттамдардын географиясы кеңейип, аба флот жаңыртылып, аэропорттордун инфраструктурасы модернизацияланып, логистикалык хабдар ачылууда.

Талгат Ластаев, транспорт вице-министри:

–  Акыркы жылдарда жарандык авиациянын өлкөнүн экономикасына кошкон салымы 6,5 эсеге өстү. Эл аралык каттамдардын саны 2 эсеге көбөйдү. Жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү жыл сайын 5 пайыздан 10 пайызга чейин өсүүдө.  Акыркы жылдары Казакстандын аэропортторунда ташылган жана тейленген жүктөрдүн көлөмү да 2 эсеге өстү. Казакстан азыр дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан авиациялык рыноктордун бири болуп саналат.

Республика күнүнө карата жетишкендиктерди жыйынтыктап жаткан серепчилер «жашыл коридорлорду» жана «бирдиктүү терезе» принцибин киргизүү, ошондой эле логистиканы санариптештирүү жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн жана наркын кыскартып жатканын белгилешет. Мунун баары Казакстанды 2035-жылга чейин транзиттик ташуулардын көлөмүн жылына 100 миллион тоннага жеткирүү максатына жакындатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков