Казакстандык жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнүн окумуштуулары экологиялык изилдөөлөрдүн маалыматтары жана натыйжалары менен ыкчам алмашып, климаттын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзө алышат. Буга жаңы санариптик аянтча жардам берет. Аймактын өлкөлөрү үчүн пилоттук климаттык платформанын концепциясы Астанада сунушталды. Мындан тышкары, санариптик аянтча инвесторлорду табууга жана экологиялык долбоорлорго каражат тартууга көмөктөшөт. Аны өнүктүрүүгө Astana Hub жана эл аралык илимий уюмдарды тартуу пландалууда.
Бахыт Есекина, «Green Academy» илим-билим берүү борборунун мүдүрү:
– Биздин платформанын алкагында биз экономиканын бардык секторлорунда метанды азайтуу, биоотунду өнүктүрүү жана зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышына мониторинг жүргүзүүнү жакшыртуу максатында алдыңкы санариптик технологияларды жайгаштырууну сунуштайбыз. Бул багытта эки пилоттук долбоор даярдалды. Биринчиси - Кунаев атындагы Тоо-кен институтунун тоо-кен тармагындагы зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышына мониторинг жүргүзүүнү өркүндөтүү боюнча долбоору. Экинчиси — көмүртектүү дыйканчылык үчүн биоотун өндүрүү технологияларын ишке ашырып жаткан казакстандык-канадалык «Sagda-Ai» биргелешкен компаниясынын долбоору.
Илим жана жаңы технологиялар Астанадагы Президенттик борбордо өткөн эл аралык конференциянын негизги темалары болду. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн окумуштуулары жана серепчилери климаттын өзгөрүшүн, илимий изилдөөлөрдү жана регионду туруктуу өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты. Жолугушуу Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө арналды.
Максат Байбеков, ЮНЕСКОнун Алматыдагы регионалдык бюросунун социалдык жана гуманитардык илимдер боюнча программалардын жетекчиси:
– Мындай маселелерди чечүү үчүн, биринчиден, бүтүндөй региондун биргелешкен кызматташтыгы жана илимий алакасы талап кылынат. Экинчиден, илимий негизделген чечимдер керек, анткени ар бир чечим далилдүү базага ээ болушу керектигин түшүнөбүз. ЮНЕСКО бул багытта кызматташтыкты, анын ичинде илимий кызматташтыкты жана, албетте, заманбап технологияларды этикалык жактан колдонуу принциптерин жигердүү илгерилетип келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

