Казакстан эл аралык инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, масштабдуу инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууга чет өлкөлүк өнөктөштөрдү тартууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Астанада дипломатиялык корпус үчүн өткөн брифингде тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди билдирди. Иш-чара Президенттин Кайрылуусунун негизги жоболорун түшүндүрүүгө арналды. Тышкы саясий мекеменин башчысы белгилегендей, өлкө чет элдик капиталды тартууга гана эмес, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, өндүрүштү локалдаштырууга жана алдыңкы технологиялар менен алмашууга кызыкдар. Жалпысынан, 2029-жылдын аягына чейин инфраструктураны модернизациялоого Улуттук фонддон болжол менен 6,5 триллион теңге багыттоо пландалууда.
Мухтар Тлеуберди, Казакстан Республикасынын тышкы иштер министри:
– Өз ара пайдалуулук принцибинен улам, Казакстан «Элдик курулуш» программасынын алкагында болжолдуу узак мөөнөттүү пландаштырууга жана ири келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүктөрдү, инвестицияларды институционалдык коргоону, ошондой эле Евразия континентинин рынокторуна жеткиликтүү болгон өндүрүштүк жана инвестициялык аянтчаны сунуштайт. Казакстандын сиздердин өлкөлөрдөгү элчилерине ар бир инвестициялык долбоорду алгачкы сүйлөшүүлөрдөн баштап, Казакстанда толук локализацияланганга чейин жана андан кийинки ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө чейин даректүү жана жеке коштоону камсыз кылуу тапшырылды.
Дипломаттар Казакстандын бир катар тармактарынын инвестициялык жагымдуулугун белгилешти. Алардын катарында критикалык маанидеги материалдар чөйрөсү, өнөр жай жана транспорт тармагы бар. Мындан тышкары, эл аралык каржы институттары да Президент Касым-Жомарт Токаевдин Жолдоосунда белгиленген милдеттерди ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти. Быйыл Дүйнөлүк банк Казакстан менен өнөктөштүктүн жаңы стратегиясын кабыл алды. Ал экономиканын негизги тармактарына, анын ичинде энергетика, санариптик технологияларга жана жасалма интеллектке инвестиция салууну караштырат. Уюмдун өкүлдөрү инвестициялык демилгелерге көмөктөшүү маселелери боюнча бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Дүйнөлүк банк ошондой эле Казакстандын экономикалык реформаларын каржылоо жана эл аралык экспертиза менен камсыз кылуу аркылуу колдоого даяр экендигин ырастады.
Андрей Михнев, Дүйнөлүк банктын Казакстандагы жана Түркмөнстандагы туруктуу өкүлү:
– Президенттин кайрылуусунан мамлекеттик каражаттарды гана эмес, жеке капиталды көбүрөөк тартуу зарылдыгын жакшы эстеп калдым. Жеке капиталды мобилизациялоо биз койгон бардык максаттарга жетүүдөгү маанилүү фактор болуп саналат. Ал эми экинчи жагдай, бул дагы абдан маанилүү, инвестициянын көлөмү гана эмес, бул инвестициялардын канчалык натыйжалуу экендиги жана аларды жаңы жумуш орундарын түзө турган тармактарга жана активдерге кантип инвестициялоого болору маанилүү. Менимче, бул абдан олуттуу жагдай, мен Өкмөт менен биргеликте аны ишке ашырууга жардам беребиз деп үмүттөнөм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

