К. Токаев «Казак тили» Эл Аралык коомунун төрагасын кабыл алды

К. Токаев  «Казак тили» Эл Аралык коомунун төрагасын кабыл алды

Президент Касым-Жомарт Токаев «Казак тили» эл аралык коомунун төрагасы Рауан Кенжехан уулуну кабыл алды. Мамлекет башчысына окутуу методикасын өркүндөтүү, казак тилиндеги контентти өнүктүрүү жана мамлекеттик тилди жаңы технологияларда колдонууну кеңейтүү боюнча долбоорлор тууралуу маалымат берилди. OpenAI компаниясы менен биргелешкен долбоордун алкагында 12 миң саатка жакын аудио жазуулар чогултулуп, 14 миллиард токен көлөмүндөгү тексттик корпус түзүлдү. Мындан тышкары, чет элдик тасмалар казак тилинде көбүрөөк чыгууда. Акыркы үч жылда көрүүчүлөргө дубляждалган ондон ашык популярдуу тасма сунушталды. Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик тилди үйрөнүүдө жана окутууда, ошондой эле илимий адабияттарды которууда жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу маанилүү экенин белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков