Казакстандын гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча реформалары ЕККуда тааныштырылды

Казакстандын гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча реформалары ЕККуда тааныштырылды

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму Казакстанда аялдардын укуктарын коргоо боюнча жасалып жаткан иштерди колдойт. Уюмдун Варшавадагы конференциясында делегаттар гендердик теңчилик маселесин талкуулашты. Жыйында ата мекендик серепчилер өлкөдөгү бул жааттагы реформалардын жыйынтыгы менен тааныштырышты. Бүгүнкү күндө Казакстан гендердик теңчилик боюнча Борбор Азияда лидер болуп саналат. Учурда өлкөдөгү соттордун жана мамлекеттик кызматкерлердин 50%дан ашыгын аялдар түзөт. Эки жыл мурун Казакстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүүгө багытталган мыйзам кабыл алынган. Азыр мындай кылмыштардын алдын алууга, алардын курмандыктарын колдоого жана коргоого багытталган дагы эки мыйзам долбоору иштелип чыкты. Казакстан эл аралык гендердик саясат боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткаруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325 резолюциясын ишке ашыруу боюнча Улуттук иш-аракеттер планы жаңыртылды.

Карина Вегжиновска, Европа Кеңешинин Варшавадагы кеңсесинин жетекчиси:

–  Европа Кеңешинин Стамбул конвенциясы үй-бүлөлүк жана зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алууга, ага каршы күрөшүүгө багытталган эң кеңири укуктук жактан милдеттүү эл аралык документ болуп саналат. Биз Казакстандын бул конвенцияга кошулуп жатканына кубанычтабыз. Бул сиздердин мамлекеттерде тең укуктуулукту камсыз кылуу жолундагы маанилүү кадам деп эсептейбиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков