Казакстан темир жол инфраструктурасын модернизациялоодо

Казакстан темир жол инфраструктурасын модернизациялоодо

Казакстан транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөнү улантууда. Акыркы беш жылда өлкөдө 5 миң чакырымга жакын темир жол курулуп, модернизацияланды. Бул мурунку отуз жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Транзиттик ташуулардын көлөмү 33 миллион тоннага жетти, ал эми тармактын кирешеси 3 триллион теңгеден ашты. Учурда Дарбаза – Мактаарал, Мойынты – Кызылжар, Аягоз – Бахты жаңы линияларынын курулушу, ошондой эле учурдагы тармакты модернизациялоо уланууда. Кийинки үч жылдын пландарында дагы 2 миң чакырым темир жол төшөө каралууда. Мындан тышкары, Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча темир жол бекеттерин реконструкциялоо боюнча масштабдуу программа ишке ашырылууда. Курулуш-монтаждоо иштери 100 объектиде толугу менен аякталып, ушул күндөрү беш жаңыланган бекет ачылды. Мисалы, Абай облусунда Шар, Ушбиик, Жарма жана Жалаңашколь станциялары, ал эми Актөбе облусунда Эмба шаарындагы бекет модернизацияланды. Ал жерде имараттар, инженердик тармактар жаңыланып, аянттар көбөйтүлүп, жаңы платформалар жана перрондор жабдылды.

Максат Калиакпаров, транспорт вице-министри:

– Жаңы линиялардын курулушу уланууда, локомотив жана вагон паркы жаңыртылып, 124 темир жол бекетин реконструкциялоо программасы ишке ашырылууда. Вокзалдарды модернизациялоонун алкагында архитектуралык көрүнүшү, инженердик системалары жана жабдуулары жаңыртылып жатат. Жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу, коопсуз шарттарды түзүү максатында заманбап коопсуздук каражаттары, тоскоолдуксуз чөйрө элементтери киргизилүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков