Астанада Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин съездинин XXIV жыйыны өттү

Астанада Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин съездинин XXIV жыйыны өттү

Астанада Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин съездинин Катчылыгынын XXIV жыйыны өттү. Диалог аянтчасы 20 өлкөнүн ар кайсы конфессияларынын, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик ишмерлердин жана серепчилердин өкүлдөрүн бириктирди. Жолугушуу өлкөнүн вице-президентинин төрагалыгы алдында өттү. Жыйындын катышуучуларына кайрылган Ерлан Карин руханий лидерлердин диндер аралык жана цивилизациялар аралык диалогду өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, тынчтыкты бекемдөөдө руханий дипломатиянын өзгөчө ролуна токтолду. Анын айтымында, ал эл аралык туруксуздук шартында диалогду сактап, ишенимди калыбына келтирүүгө жардам берет. Катышуучулар жасалма интеллектти колдонуунун этикалык аспектилерине да өзгөчө көңүл бурушту. Алар адамдын кадыр-баркын урматтоого, басмырлоого жол бербөөгө жана маанилүү чечимдерди кабыл алууда адамдын көзөмөлүн сактоого негизделген тиешелүү кодекстин долбоорун карап чыгышты. Катышуучулар ошондой эле климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүдө диндердин ролун талкуулашты. Конфессиялардын өкүлдөрү экологиялык жоопкерчиликти, жаратылышка аяр мамилени калыптандырууга жана климаттык көйгөйлөрдү чечүү үчүн коомдун күч-аракетин бириктирүүгө көмөк көрсөтө алышат. Курултайдын катчылыгынын жыйынында айыкпас дартты жуктуруп алган баланын укуктары жөнүндө хартиянын долбоору өзүнчө сунушталды. Документ Казакстан менен Ыйык Тактынын кызматташтыгынын алкагында медициналык серепчилердин катышуусунда иштелип чыккан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков