Казакстан менен Бельгиянын соода айлануусу 2025-жылы 28% өстү

Казакстан менен Бельгиянын соода айлануусу 2025-жылы 28% өстү

Казакстан менен Бельгиянын ортосундагы товар жүгүртүү ишенимдүү өсүүдө. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, ал дээрлик 28% өсүп, 583 миллион долларды түздү. Анын 311 миллион долларынан ашыгы казак экспортуна туура келет. Оң динамика быйыл да сакталууда. Үчтүн айы-баш оона айларында өз ара соода 353 миллион доллардан ашып, дээрлик 9% өскөн. Бул европалык өлкөгө Казакстан зыгырдын уругун, буудайды, молибденди, титанды жана феррокуймаларды жеткирет. Ал эми импорт багытта мунай заттары, техника жана дары-дармектер келет. Бүгүнкү күндө Бельгия Казакстандын ири инвесторлорунун катарына кирет. Акыркы жыйырма жыл ичинде аталган мамлекеттин компаниялары ата мекендик экономикага 15 миллиард доллардан ашык каражат салым кошкон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков