Жасалма интеллект Казакстандын бардык жогорку окуу жайларында милдеттүү окутуу программасына айланды. Бул үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарына өзгөртүүлөр киргизилип, алар эки жума мурда күчүнө кирди. Эми студенттерге жасалма интеллект сервистерин колдонуу гана эмес, алардын иштөө принциптери, академиялык ак ниеттүүлүк талаптары жана жеке маалыматтарды коргоо эрежелери да окутулат. Өзгөчө көңүл технологияларды келечектеги кесипте практикалык колдонууга бурулат. Бул журналистика, юриспруденция, инженерия жана айыл чарба тармактарын да камтыйт. Тиешелүү министрликтин маалыматына ылайык, жогорку окуу жайларында Coursera эл аралык платформасынын курстары жана улуттук AI-Sana сервиси колдонулууда. Мындан тышкары, студенттерди окутуу үчүн жаңы технологияларды окутуучулар өздөрү да өздөштүрүп жатышат. Бул максатта жогорку окуу жайларда ChatGPT Edu платформасы киргизилүүдө. Окутуучулар окуудан өтүү менен катар, окуу процессине ылайык өздөрүнүн жасалма интеллект жардамчыларын да иштеп чыгышууда.
Анаргуль Курманбаева, Жогорку билим
берүүнүн мазмуну боюнча башкармалыктын жетекчиси:
– Биз студенттерди жасалма интеллекттин кайсы бир кызматын гана колдонууга үйрөтүүнү максат кылбайбыз. Технологиялар абдан ылдам өнүгүп жатат, жаңы чечимдер тынымсыз пайда болууда. Ошондуктан аларга бекем фундаменталдык билим берүү маанилүү. Студенттер нейрондук тармактар кандай иштей турганын, жасалма интеллект агенттери кандайча түзүлөрүн жана мындай системалар кайсы маалыматтардын негизинде окутуларын түшүнүшү керек. Биздин негизги максат - келечектеги адистерди жасалма интеллектти өз кесиптик ишмердүүлүгүндө натыйжалуу колдонууга үйрөтүү. Биз аларды бир гана платформа менен чектөөнү көздөбөйбүз.
Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жогорку окуу жайларда жасалма интеллектти колдонгон ондогон студенттик долбоорлор иштелип чыкты. Алардын арасында жаңдоо тилине которуу, айыл чарба тармагына арналган чечимдер жана экономиканын түрдүү тармактары үчүн иштелип чыккан долбоорлор бар. Негизги максат - бүтүрүүчүлөрдүн жасалма интеллектти келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө ишенимдүү пайдалануусуна шарт түзүү жана аларды заманбап экономиканын талаптарына даярдоо.
Которгон: Назира Бегалиева

