Казакстандын Президентинин ат сарайындагы ахалтеке жылкысы Акжандын тарыхы австралиялык «Hoofbeats» ат спорту журналынын көңүлүн бурду. Ага өзүнчө макала арналып, ал эми анын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен түшкөн сүрөтү тогуздун айы-жетинин айындагы чыгарылыштын башкы бетине жарыяланды. «Жаркыраган Акжан» аттуу материалда авторлор Казакстандын бай ат спорту салттары тууралуу баяндашат. Анда сейрек кездешүүчү изабелла түсүнө, ошондой эле ахалтеке тукумунун көрктүүлүгүнө жана чыдамкайлыгына өзгөчө көңүл бурулган. Авторлордун пикиринде, бул сапаттар Улуу талаанын рухун чагылдырат. Ошондуктан, Акжандын образы басылмада бир аттын тарыхынан алда канча кеңири мааниге ээ. Журнал муну заманбап Астананын — тарыхый тамырлары менен байланышын үзбөй, өнүгүүсүн улантып жаткан шаардын — символу катары сүрөттөйт. «Улуу талаа заманбап шаардын алдында жоголуп кеткен жок; ал жөн гана жаркырап көрүнүүнүн жаңы жолун тапты», — деп жыйынтыктайт макаланын авторлору.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

