2 миллиард доллардан ашык инвестиция тартуу боюнча 27 жаңы макулдашууга жетишилди. Бул «Alatau City» долбоорунун европалык роуд-шоусунун жыйынтыгы. Казакстандын жаңы технологиялык шаарынын мүмкүнчүлүктөрү Лондон, Берлин жана Франкфурт-на-Майне шаарларындагы инвесторлорго сунушталды. Атап айтканда, немис компаниялары менен 700 миллион долларлык 18 документке кол коюлду. Сапардын акыркы пункту болгон Франкфуртта долбоорлорду банктык каржылоо жана немис жабдууларын сатып алуу маселелери талкууланды. Кызматташтык өнөр жай, инженердик инфраструктура, билим берүү, медицина, туризм жана санариптик экономика тармактарын камтыйт. Жаңы макулдашуулар «Alatau City» шаарына узак мөөнөттүү капиталды тартууга жана заманбап өндүрүштөрдү ишке киргизүүгө багытталган.
Канат Бозумбаев — Казакстан Республикасынын Премьер-Министринин орун басары:
– Алатау шаарында инженердик тейлөө инфраструктурасын түзүү, медициналык буюмдарды өндүрүүнү уюштуруу, активдерди токенизациялоо механизмдерин киргизүү жана инвестициялык консалтингди өнүктүрүү иштери каралды. Алатау Сити Банкы менен Deutsche Bank, KfW сыяктуу немис уюмдарынын ортосунда жакшы макулдашуу түзүлүп, орнотулду.
Марк Венчик, Aka Bank башкаруучу мүдүрү, башкаруу кеңешинин спикери:
– Чоң мүмкүнчүлүктөр биринчи кезекте инфраструктураны түзүү менен байланыштуу. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Германиядан келген каржылоону, мисалы, «Байтерек» холдинги тарабынан биргелешип каржылоо механизмдери менен бириктирсе болот. Биз немис өнөр жайына Alatau City ачкан мүмкүнчүлүктөр тууралуу дагы жакшыраак айтып беришибиз керек. Бул бир жагынан программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон экспорттук жеткирүүлөрдү тартууга, экинчи жагынан шаарды өнүктүрүүгө инвестиция тартууга шарт түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

