Маалымат борборлорунун экспорттук кирешеси жылына 3 млрд долларга жетиши мүмкүн

Маалымат борборлорунун экспорттук кирешеси жылына 3 млрд долларга жетиши мүмкүн

Павлодар облусундагы «Маалымат борборлорунун өрөөнү» Казакстанга жылына 3 миллиард доллардан ашык киреше алып келиши мүмкүн. Масштабдуу долбоор ыкчам ишке ашырылууда. 2029-жылга чейин комплекстин кубаттуулугун бир гигаваттка жеткирүү пландалууда. Аянтчада учурда эки маалымат борбору курулуп жатат. Биринчисинде пайдубал жана техникалык имараттар тургузулса, экинчисинде котлованды даярдоо иштери аяктап калды. Эки объектини тең келерки жылы ишке киргизүү пландалууда. Андан кийин үчүнчү борбордун курулушу башталат. Долбоорду мындан ары өнүктүрүү үчүн эл аралык инвесторлор тартылууда. Бир нече чет элдик компаниялар менен алдын ала макулдашууларга жетишилди. Серепчилердин баамында, 20 жыл ичиндеги инвестициянын жалпы көлөмү 115 миллиард долларды түзүшү мүмкүн. Премьер-министр Олжас Бектенов тиешелүү мекемелерге курулуштун ыргагын басаңдатпоону жана аянтчаны зарыл болгон энергия жана инженердик тармактар менен өз убагында камсыз кылууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков