Казакстан менен Түркмөнстан кызматташтыкты кеңейтүүдө

Казакстан менен Түркмөнстан кызматташтыкты кеңейтүүдө

Казакстан менен Түркмөнстан экономиканын негизги тармактарында өнөктөштүгүн бекемдөөнү улантат. Энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана транспорт тармактарындагы кызматташтыктын келечегин Касым-Жомарт Токаев менен Сердар Бердымухамедов талкуулашты. Эки өлкөнүн лидерлери мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышын жана жаңы биргелешкен долбоорлордун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты. Маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, алдыдагы иш-чаралардын графиги макулдашылды. Мамлекет башчысы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, Сердар Бердымухамедовго жылуу кабыл алганы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков