Астанада өтүп жаткан «Келечек оюндарынын» алкагында фиджитал-футбол боюнча мелдештин экинчи күнү казакстандык команданын жеңиши менен жыйынтыкталды. United Esports Leagues командасы Орусиянын өкүлдөрүн эки этаптын жыйынтыгы боюнча 2:1 эсебинде жеңди. Жыйынтык санарип форматындагы оюн менен чыныгы футбол талаасындагы беттештин жалпы упайынын негизинде аныкталды. Казакстандык оюнчулардын айтымында, плей-оффко чыгууга техникалык даярдык жана ылдамдык менен катар санарип форматынан реалдуу оюнга өткөндө тактиканы ыкчам өзгөртө билүү жардам берген. Эми команда Түштүк Африка Республикасынын курамасы менен күч сынашат. Казакстандык спортчулар жеңиштүү оюнун улантууну максат кылышууда.
Касиет
Оңгарбек,
«Келечек оюндары – 2026» мелдешинин катышуучусу:
– Албетте, санарип этаптагы оюнубузду дагы жакшыртабыз. Бүгүнкү көрсөткүч биздин чыныгы деңгээлибиз эмес. Биз мындан да жакшы ойной аларыбызды билебиз. Күнүнө кеминде сегиз саат машыгабыз. Бул жердеги атмосфера өзгөчө жана абдан жагымдуу. Мелдештин Казакстанда өтүп жатканы биз үчүн чоң сыймык. Ушундай оюндар мындан ары да улана берсин деп каалайм. Бардык спортчуларга ийгилик, өзгөчө биздин командаларга жеңиш каалайм.
Ошол эле учурда атаандаштар казакстандык команданын Аргентина менен болгон беттешин кылдат талдап, өздөрүнүн оюнуна даярдык көрүүдө пайдаланганын айтышты.
Брайан
Оладапо Идову, «Келечек оюндары – 2026» мелдешинин катышуучусу (Орусия):
– Беттеш абдан курч мүнөздө өттү. Оюн учурунда эреже бузуулар кездешти. Эч ким жеңилүүнү каалаган жок. Кооптуу чабуулдар көп болгон жок. Беттештин тагдырын бир гана эпизод, бир гана гол чечти. Топ капталдан ыңгайлуу секирип чыгып, оюнчу мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбастан дарбазага так сокку узатты. Дарбазачы күтүүсүз абалда калып калды. Атаандаштарыбыз мыкты оюн көрсөтүштү.
625 миң долларлык байге фонду үчүн күрөштө эң күчтүү сегиз команда калды. Турнирдин жеңүүчүсү баш оона айынын 8инде өтө турган финалдык беттештерден кийин аныкталат.
Которгон:
Назира Бегалиева

