Казакстан заманбап сугат системаларын колдонууну кеңейтүүдө. Учурда өлкөдөгү бардык сугат жерлеринин 36%ында сууну үнөмдөөчү технологиялар колдонулат. Суу ресурстары жана ирригация министрлигинин маалыматы боюнча, тамчылатып сугаруу эң кеңири колдонулган ыкма болуп саналат. Анын аянты акыркы үч жылда дээрлик алты эсеге көбөйүп, 254 000 гектарга жетти. Кошумча 379 000 гектарда тамчылатып сугаруу системалар колдонулат. Бул технологиялар сугат суусун керектөөнү үчтөн бирге азайтат. Алар Түркестан, Алматы жана Кызылорда облустарында эң активдүү түрдө ишке ашырылууда. Ата мекендик жабдууларды өндүрүү да өсүүдө. Эки жылдын ичинде мындай заводдордун саны төрттөн жетиге чейин көбөйдү. Алардын кубаттуулугу ички суроо-талапты толугу менен жабат. Заманбап ыкмаларга өтүүнү тездетүү үчүн өкмөт дыйкандарды колдоо чараларын да кеңейтти. Үч жылдын ичинде сууну үнөмдөөчү технологияларга инвестициялык субсидиялар үчүн 214 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүндү — бул мурунку мезгилге караганда дээрлик төрт эсеге көп.
Талгат Момышев, Суу ресурстары жана ирригация вице-министри:
– Президенттин Казакстан элине кайрылуусунда сууну үнөмдөөчү технологияларды 150 миң гектардан кем эмес сугат жерлерге киргизүүнү көбөйтүү боюнча так милдет коюлган. Акыркы үч жылда бул иш күчөтүлдү жана активдүү ишке ашырылууда. Мамлекеттик колдоо чаралары да көбөйтүлдү. 2023-жылдан бери жыл сайын 30 000 гектар ишке ашырылып келсе, бул көрсөткүч 2024-жылдан баштап 150 000 гектарга чейин көбөйгөн. Кийинки максат - 2030-жылга чейин 1,3 миллион гектардан ашык жерге сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү. Бул 2 миллиард куб метрден ашык сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

