Нью-Йорктогу казак диаспорасы Республика күнүн белгилөөдө

Нью-Йорктогу казак диаспорасы Республика күнүн белгилөөдө

Нью-Йорктогу казак диаспорасынын өкүлдөрү Республика күнүн белгилешти. Улуттук майрамдын алдында Казакстандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү дипломатиялык корпустун катышуусунда кабыл алуу уюштурду. Элчи Кайрат Умаров өлкөнүн 35 жылдык эгемендүүлүк мезгилиндеги жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Ал Казакстан тынчтыкты чыңдоо жана көп тараптуу дипломатияны өнүктүрүү үчүн ырааттуу аракет кылып жатканын баса белгиледи. Дипломат ошондой эле эл аралык өнөктөштөр жана достор менен болгон мамилелердин маанилүүлүгүн белгиледи. Майрамга арналган дагы бир иш-чара Нью-Йоркто Казакстандын мамлекеттик туусун көтөрүү боюнча жылдык салтанат болду. Ага АКШ Мамлекеттик департаментинин кызматкерлери, чет элдик дипломаттар жана казак диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Марк Макговерн, АКШ Мамлекеттик департаментинин Нью-Йорк аймактык бөлүмүнүн мүдүрү:

– Казакстандын дүйнөдөгү таасирин кеңейтип, экономикалык позициясын бекемдеп жатканын, анын ичинде бул жердеги, Америка Кошмо Штаттарындагы, өзгөчө Нью-Йорктогу казак диаспорасынын жардамы менен көрүп жатабыз. Жалпы баалуулуктар жана биргелешкен пландар эки өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мен  бүгүн бул жерде болуп, сиздер менен бирге майрамдап жатканыма кубанычтамын.

Ренат Бектуров, «Астана» эл аралык каржы борборунун башкаруучусу:

– Бул күн эгемендүү Казакстандын тарыхында маанилүү учур болду. 1990-жылы мамлекеттик эгемендүүлүк жөнүндө декларация кабыл алынган. Ошондон бери биздин өлкө чоң жолду басып өттү жана бүгүнкү күндө туруктуу өнүгүүнү көрсөтүп жатат. Казакстан алдыга жыла берерине ишенем. Өлкөбүз гүлдөп өссүн, көк желеги ар дайым сыймыктануу менен желбиреп турсун!

Майрамдын катышуучулары казактын салттуу ырларын угуп, улуттук таттуулардан жана атактуу «Апорт» алмаларынан да даам татышты. Мамлекеттик тууну көтөрүү аземи Казакстандын гимнинин аткарылышы коштолду. Ал эми кийинки аптада майрамдык программаны композитор Шамши Калдаяковдун чыгармачылыгына арналган концерт улантат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков