Вице-Президент ички саясат боюнча Республикалык жыйында сөз сүйлөдү

Вице-Президент ички саясат боюнча Республикалык жыйында сөз сүйлөдү

Вице-Президент Ерлан Карин ички саясат маселелери боюнча республикалык жыйын өткөрдү. Ага Президенттин Администрациясынын, Өкмөттүн жана аймактардын өкүлдөрү катышты. Өз сөзүндө Вице-Президент идеологиялык күн тартибин аныктаган конституциялык баалуулуктарга токтолду. Ерлан Карин аларды коомчулукка кеңири жайылтып, бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, Мамлекет башчысынын саясаты Казакстандын мындан аркы өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган, бүгүнкү күндө модернизация коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүн камтыйт. Ошондуктан эмгекчилдик, билим, илим жана өнүгүү баалуулуктарын коомдо өнүктүрүү абдан маанилүү.

Ерлан Карин, Казакстан Республикасынын Вице-Президенти:

–  Биздин Конституция мамлекеттин укуктук негизин гана эмес, коомдун баалуулуктар фундаментин да аныктайт. Балким, биздин тарыхыбызда биринчи жолу өлкөнүн идеологиясы так түзүмгө жана мазмундуу толтурууга ээ болду. Ошондуктан, биздин биринчи кезектеги милдетибиз – конституциялык баалуулуктарды түшүндүрүү жана жайылтуу, аларды андан ары алдыга жылдыруу жана бекемдөө болуп саналат.

Ерлан Карин жарандар менен болгон байланышка токтолду. Борбордук мамлекеттик органдардын жана аймактардын байланыш борборлорун бирдиктүү санариптик платформанын алкагында бириктирүү зарыл. Бул жаңы экономика үчүн мамлекеттик башкаруу моделин өркүндөтүүнүн багыттарынын бири, ал санариптештирүүгө жана жасалма интеллектке таянышы керек. Мындай реформанын комплекстүү планын иштеп чыгууну Касым-Жомарт Токаев тапшырды. Мамлекет башчысынын демилгелерин сапаттуу ишке ашырууну Вице-президент ички саясаттын артыкчылыктарынын бири деп атады.

Ерлан Карин, Казакстан Республикасынын Вице-Президенти:

–  Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Кемелевич Токаев Казакстан элине салттуу кайрылуу жасады. Быйылкы кайрылуу стратегиялык маанидеги маанилүү документ болуп калды. Анда өлкөнүн ар кайсы тармактарын өнүктүрүүнүн узак жана орто мөөнөттүү багыттары аныкталды. Калктын муктаждыктары да, мамлекеттин кызыкчылыктары да эске алынды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков