Казакстанда жаңы кен жайларын ачуу жана өлкөнүн ресурстук базасын толуктоо үчүн 200 скважинаны бургулоо пландалууда. Тармактык министрликтин маалыматы боюнча, быйыл геологиялык чалгындоо иштеринин көлөмү 80ге жакын скважинаны, 2027-2028-жылдары жылына 120 скважинаны түзүшү мүмкүн. Ошону менен бирге мунай-газ дарамети жогору болгон аз чалгындалган чөкмө бассейндерге өзгөчө көңүл бурулат. Мындай участокторду берүүнүн жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү: Министрлик арыз түшкөндөн кийин 10 жумушчу күндүн ичинде аукцион өткөрөт. Кийинчерээк программага ылайык, алгачкы үч жылда участоктун аянтынын кеминде 30% сейсмикалык чалгындоо, андан кийин чалгындоо скважиналарын бургулоо пландаштырылууда. Казакстандык контентти өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулду. Бүгүнкү күндө өлкөдө керектүү өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөр бар. Максаты – бургулоо кызматтарынын туруктуу жана атаандаштык рыногун калыптандыруу. Натыйжада жаңы кендер ачылып, мунай-газ запастары толукталып, квалификациялуу жумуш орундарын түзүү күтүлүүдө.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

