Казакстанда кайра иштетүүчү өнөр жайдын үлүшү 46,7% жетти

Казакстанда кайра иштетүүчү өнөр жайдын үлүшү 46,7% жетти

Президент Касым-Жомарт Токаевдын Кайрылуусун ишке ашыруу Казакстандын кайра иштетүү өнөр жайынын өнүгүшүнө жаңы дем берди. Ушул жылдын 7 айында тармактагы өндүрүштүн көлөмү 18,8 триллион теңгеге жетип, 9% өстү. Өлкө өнөр жайында кайра иштетүүнүн үлүшү дээрлик 47%га чейин өсүп, тоо-кен тармагынын үлүшүнөн ашып кетти. Унаа жасоо эң жогорку темпти көрсөтүүдө - өсүш 22%ды түздү. Химиялык жана жеңил өнөр жайында, курулуш материалдарын өндүрүүдө да оң динамика байкалууда. Ошол эле учурда өлкөдө жаңы ишканалардын саны да кеңейүүдө. Быйыл 1,7 триллион теңгеге 200 индустриалдык долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Азыркы учурда республикада 84 өндүрүш ишке киргизилип, анын натыйжасында 6 миңге жакын жумуш оруну түзүлдү. Ишканалар толук кубаттуулукта иштеп баштаганда жылына 1,5 триллион теңгелик өнүм чыгарат деп күтүлүүдө, анын үчтөн бири экспортко кетет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков