Гонконг Казакстанга саламаттыкты сактоо тармагына жасалма интеллектти киргизүүгө жардам берет. Ошондой эле медициналык кадрларды даярдоо, кесиптик тажрыйба жана билим алмашуу багыттарында кызматташтыкты кеңейтүү пландалууда. Буга Астанада өткөн семинарда Назарбаев Университети, Гонконг Кытай университети жана Макао илим жана технология университети ортосунда кол коюлган меморандум өбөлгө түзөт. Иш-чарада эксперттер, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү жана медициналык уюмдардын жетекчилери тармакты санариптештирүү, алгачкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү жана медициналык билим берүүнүн заманбап ыкмаларын талкуулашты. Өзгөчө көңүл жаңы технологияларды саламаттык сактоо системасына интеграциялоого жана аларды медициналык практикада түздөн-түз колдонууга бурулду.
Скендер Сыла, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү, Казакстандагы өлкөлүк кеңсенин жетекчиси:
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму үчүн эң негизгиси — медициналык технологиялар бейтаптарга чындап жардам берип, медициналык жардамдын сапатын жогорулатышы. Казакстан бул багытта, айрыкча алгачкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Бүгүнкү күндө өлкө саламаттыкты сактоо тармагында санариптик чечимдерди активдүү өнүктүрүп жатат, бирок технологиялар менен бирге адистердин квалификациясын жогорулатуу да маанилүү. Ошондуктан Казакстандын, Назарбаев Университетинин жана Гонконгдун кесиптештеринин катышуусундагы мындай жолугушуулар абдан маанилүү – алар тажрыйба алмашууга жана саламаттыкты сактоо үчүн биргелешип жаңы чечимдерди издөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Бул жолу кадрларды даярдоо семинардын негизги темаларынын бири болду. Серепчилердин айтымында, тармактын андан ары өнүгүшү жаңы технологияларды киргизүү менен гана эмес, аларды практикада натыйжалуу колдоно ала турган адистерден да көз каранды. Ошондуктан, каржылоо, заманбап жабдуулар жана дары-дармектер менен катар квалификациялуу дарыгерлер, изилдөөчүлөр, медайымдар жана башка медициналык адистер керек.
Лян Чжэнь-Ин, бүткүл Кытай элдик саясий консультативдүү кеңешинин төрагасынын орун басары, Gx фондунун төрагасы:
Казакстан жана Гонконг үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү бирдей маанилүү. Ошондуктан биз тажрыйба алмашууну гана эмес, Казакстанда практикада колдонууга боло турган чечимдерди биргелешип издөөнү каалайбыз. Назарбаев Университети менен биздин кызматташтыгыбыз дал ушундай билим алмашууга багытталган. Ал эми бул жерде келечекте Казакстандын саламаттык сактоо системасын өнүктүрө турган кадрларды — дарыгерлерди, окумуштууларды, медайымдарды жана башка адистерди даярдоо өзгөчө мааниге ээ.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

