Астанадагы Азия кеңешинин штаб-кеңсесинде Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин демилгеси менен Карабах тулпарынын айкели тургузулду. Бул искусство объектиси Азиядагы өз ара ишеним чаралары кеңешинин күнүнө карата белек катары тартууланды. Казакстандын демилгеси менен түзүлгөн уюм бүгүнкү күндө 34 жылдык мааракесин белгилеп, жаңы өнүгүү баскычына кадам таштап отурат. Төрт жыл мурда Астанада өткөн саммитте Азия кеңешин толук кандуу эл аралык аймактык уюмга айландыруу милдети коюлган эле. Ушул багытта аткарылган иштер тогуздун айынын 15де Бакуда өтө турган жетинчи саммитте жыйынтыкталып, Азербайжандын уюмга төрагалыгы аяктайт.
Кайрат Сарыбай, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңештин башкы катчысы:
– Азия кеңешинин 5 багыты боюнча маңыздуу иш-чаралар аткарылды. Анын ичинде, мисалы, жашылдандыруу маселеси, климаттык саммит, жаштар, аялдар кеңештери түзүлүп, мына ушундай жаңы, алгылыктуу иштер аткарылды.
Алимирзамин Аскеров, Азербайжандын Казакстандагы элчиси:
– Карабах жылкысынын элеси, жалпы биз үчүн, азербайжандар үчүн эрдиктин жана баатырдыктын символу болуп саналат. Ошондуктан Астанадагы Азия кеңешинин штаб-кеңсесинде орнотулган бул көркөм объект биринчи кезекте биздин өлкөлөрүбүз ортосундагы, башкача айтканда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары кеңешине мүчө мамлекеттер ортосундагы боордоштуктун белгиси болмокчу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

