Астанадагы сейрек жер металлдары борборунда үч лаборатория түзүлөт

Астанадагы сейрек жер металлдары борборунда үч лаборатория түзүлөт

Казакстанда сейрек кездешүүчү металлдарды изилдөө боюнча аймактык борбор ачылат. Ал өлкө президентинин тапшырмасы менен Европа союзунун илимий институттарынын катышуусунда түзүлөт. Курулуш аянты аныкталды. «Астана-Технополис» атайын экономикалык аймагынан беш гектар жер бөлүнгөн. Борбор үч лабораторияны бириктирип, ар бири өз милдетин аткарат. Геохимиялык лаборатория кендердин курамын жана кенинин дараметин изилдейт. Арбитраждык лаборатория экспортко жөнөтүлүүчү чийки заттын сапатын текшерет. Бул баалуу компоненттердин курамын так аныктоого жана пайдалуу кендерди чыгарууну күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Үчүнчү лаборатория жаңы технологияларды иштеп чыгуу үчүн илимий база болот. Адистер чийки затты байытуунун натыйжалуу жолдорун издеп, жаңы эритмелерди түзүп, келечектүү чечимдерди тажрыйба-өнөр жай шарттарында сынайт. Келечекте борбор казакстандык ишканалар менен гана эмес, коңшу өлкөлөрдүн компанияларына да кызмат көрсөтө алат.

Архат Курманбеков, өнөр жай комитетинин улуттук технологиялык  борборунун департаментинин мүдүрү:

–  Бул аймактык борборду түзүүнүн максаттары - Борбордук Азияда критикалык чийки заттар чөйрөсүндө лидерликти калыптандыруу. Азыркы учурда чет элдик компания тарабынан алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгууда, анын алкагында изилдөө көлөмү, өндүрүштүк кубаттуулуктарды талдоо аныкталат. Келерки жылдын башында иштеп чыгуунун кийинки этабына өтөбүз. Анда аймактык борбордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана алдын ала долбоордук-сметалык документтери даярдалат. 2027-2028-жылдары курулуш иштерин баштап, долбоорду толук ишке ашырууга үмүттөнөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков