Курултайга шайлоо өлкөнүн өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ

Курултайга шайлоо өлкөнүн өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ

Казакстандын жаңы саясий системасында Курултайдын алдында кыйла жогору талаптар турат. Эл аралык эксперт Шерадил Бактыгулов мыйзам чыгаруу органынын ишинин натыйжалуулугу анын депутаттык корпусунун курамынан көз каранды экенин белгилейт. Эл өкүлдөрүнүн профессионалдык даярдыгынын жана компетенттүүлүгүнүн жогорку деңгээлинен кабыл алынып жаткан мыйзамдардын сапаты, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу жана аткаруу бийлигинин ишин көзөмөлдөө түздөн-түз көз каранды.


Шерадил Бактыгулов, Дүйнөлүк социалдык-политика институтунун мүдүрү:  


- Ошондуктан бийлик бутактарынын ортосунда түзүлө турган кызматташтык жана албетте, Курултай депутаттарынын сапатынан улам Казакстандын мамлекеттик башкаруусунун жогорку деңгээлинде кандай сапаттагы мыйзам долбоорлору жана чечимдер кабыл алынарына биз кылдат көз салабыз


Эске салсак, Курултайга алгачкы шайлоо Казакстанда жаңы Конституция күчүнө киргенден кийин өтүүдө. Эксперттердин пикиринде, бул шайлоо өлкөнүн өкүлчүлүктүү бийлигинин жаңы системасын калыптандырууну жыйынтыктайт. Тандоо партиялык тизме боюнча өтөт. Аналитиктер белгилегендей, мындай формат партиялардын шайлоочулар алдындагы жоопкерчилигин жогорулатып, мыйзам чыгаруу органында коомдун кызыкчылыктарын толугураак чагылдырууга мүмкүндүк берет. Муну менен катар акыркы социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары казакстандыктардын баш оона айынын 23 өтө турган добуш берүүгө болгон кызыгуусу жогору экенин көрсөтүүдө.


¤

Дидар Тебаев, КИОР Институционалдык анализ жана реформалар борборунун эксперт-консультанты:


– Социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, жарандардын 70 пайыздан ашыгы шайлоого келүүгө даяр. Улуу муун дагы шайлоого катышууга чоң кызыгуусун билдирүүдө. Ошондой эле изилдөөлөр казакстандыктар өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруктуу жана бейпил деп баалаарын көрсөттү.

Которгон:Назира Бегалиева