Казакстан президенти газ тармагын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды берди

Казакстан президенти газ тармагын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды берди

Казакстандын президенти «QazaqGaz» улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагасын кабыл алды. Алибек Жамауов ири инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымдады. Атап айтканда, Кашаган кенинин аймагында жылына 1 миллиард кубометр газды кайра иштетүүчү заводдун курулушу уланууда. Жаңы объектини пайдаланууга берүү 2027-жылдын III кварталына пландалган. Ошондой эле, Бейнеу – Бозой – Шымкент магистралдык газ куурунун экинчи тилкесинин курулушу башталды. Геологиялык чалгындоо иштери учурда 7 участкада жүргүзүлүүдө. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев жылытуу мезгилинде газ менен туруктуу камсыз кылууну жана товардык газдын ресурстук базасын кеңейтүү боюнча иштерди улантууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков