Астанада өлкөнүн экономикасына ESG принциптерин киргизүү маселеси талкууланды

Астанада өлкөнүн экономикасына ESG принциптерин киргизүү маселеси талкууланды

Бүгүн Астанадагы ESG форумунда экология жана энергетиканы туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө бир катар документтерге кол коюлду. Мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана бизнестин өкүлдөрү жашыл инвестицияларды тартуу, энергетиканы модернизациялоо жана ишканалардын экологиялык жоопкерчилигин талкуулашты. Жашыл экономикага өтүү шартында жарандарды социалдык коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул багыттагы изилдөөлөрдү ушул тапта казакстандык адистер жүргүзүп жатышат.

Гульмира Насырова, Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлигинин Илим изилдөө институтунун стратегиялык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы:

– Быйыл биз эки олуттуу теманы аяктадык - бири жашыл экономикага өтүүдө эмгек шарттарын баалоо менен байланыштуу болду, ал жерде бир катар ишканаларда экологиялык жактан кесиптик тобокелдиктер бааланган, экинчи тема социалдык кепилдиктерге байланыштуу болду.

Форумда Казакстандын ESG күн тартибин илгерилетүүгө, Президенттин Кайрылуусунда  белгиленген артыкчылыктарды эске алуу менен өзгөчө көңүл бурулду. Негизги багыттардын катарына энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо, кайра жанма энергия булактарынын объектилерин өнүктүрүү жана чет элдик инвестицияларды тартуу кирет. Бул чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана туруктуу экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Форумдун жыйынтыгы боюнча Өкмөткө да, бизнеске да сунуштамалар топтому даярдалат. Алар Казакстандын ESG күн тартибин мындан ары ишке ашыруунун негизи болуп калат.

Айнур Соспанова, «Qazaq Green» кайра жаралуучу энергия булактары ассоциациясынын башкармалыгынын төрайымы:

– 2029-жылга чейин энергетикалык жетишпестикти жоюшубуз керек. Казакстанда муну ишке ашыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бизде энергетика тармагында ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйба бар. Казакстанга келип, активдүү иштеп жаткан ири инвесторлордун кызыгуусу жакшы. 2027-жылы биз альтернативдик энергетика жөнүндө мыйзамдарды иштеп чыгабыз. Бул иш курултайдын жумушчу тобунун алкагында башталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков