Президент Касым-Жомарт Токаев өткөн жылкы кайрылуусунда бир палаталуу
парламентти түзүү демилгесин жарыялаган. Бир айдан кийин, тогуздун айынын сегизинде, парламенттик реформа боюнча
жумушчу топ түзүлгөн. Ал e-Otinish жана eGov платформалары аркылуу жарандардан
жана серепчилерден 2000ден ашык сунуш кабыл алган. Алты айга созулган
талкуулардан кийин жумушчу топ 145 парламенттик орундан жана сегиз туруктуу комитеттен
турган жаңы мыйзам чыгаруу органынын — «Курултайдын» - моделин жактырган
жыйынтыктоочу сунуштаманы даярдаган. Серепчилердин айтымында, бир палаталуу система дүйнө жүзү боюнча эң
кеңири таралган жана унитардык мамлекеттерге мүнөздүү болгон модель болуп
саналат; ал эми көбүнчө федеративдүү түзүлүшкө ылайык келген эки палаталуу
система вето коюу укугуна жана «тең салмактуулук жана өз ара көзөмөл»
принцибине таянат. Бул жагдай чечим кабыл алуунун ылдамдыгына жана сапатына
таасирин тийгизет.
Риккардо Пелиццо, саясат тануучу, Назарбаев
Университетинин Жогорку мамлекеттик саясат мектебинин профессору:
– Джордж Цебелистин изилдөөсү көрсөткөндөй, мыйзам
чыгаруу процессине катышкан партиялык же институционалдык вето коюу укугуна ээ
тараптардын саны көбөйгөн сайын, кабыл алынган мыйзамдардын сапаты төмөндөшү
мүмкүн. Жогорку сапаттагы мыйзамдарды кабыл алуу кыйындайт. Бөгөт коюу
мүмкүнчүлүгүнө ээ тараптардын саны менен мыйзамдардын сапатынын ортосунда
тескери байланыш бар: мындай катышуучулар канчалык аз болсо, жогорку сапаттагы
мыйзамдарды кабыл алуу ыктымалдыгы ошончолук жогору болот.
Которгон: Назира
Бегалиева

