Казакстанда куткаруучулар күнү белгиленип жатат. Биринчилерден болуп жардамга шашылып, өмүрүн тобокелге салгандарды кесиптик майрамы менен Президент Касым-Жомарт Токаев куттуктады. Акордада сыйлоо аземи өттү. Президент өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы мындай татаал кесипти рухий жактан күчтүү, эр жүрөк жана жоопкерчиликтүү инсандар гана тандаарын баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев ӨКМ кызматкерлерин күтүүсүз кырдаал учурда ыкчам чечим кабыл алууга жөндөмдүү жана коркунуч алдында чегинбеген адистер деп атады. Ошондуктан жарандык коргоо чөйрөсүн материалдык-техникалык жактан бекемдөө жана алдыңкы технологияларды киргизүү маанилүү болуп саналат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Соңку үч жылда болжол менен 3 миң даана техника, анын ичинде заманбап учактар жана тик учактар, ар кандай максаттагы кемелер сатылып алынды. 60ка жакын өрт өчүрүүчү депо жана куткаруу станциясы курулду. Эки жыл мурда түзүлгөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кырдаалдык борбору жарандык коргонуу системасын башкарууда маанилүү түзүмгө айланды. Анын аркасында коркунучтарды туруктуу мониторингдөө, эрте эскертүү жана ыкчам чечим кабыл алуу ишке ашырылып, ушул тапта оң натыйжаларды берип жатат.
Президент өнөр жай жана тоо-кен ишканаларында, ошондой эле алыскы калктуу конуштарда коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы санариптик технологияларды жана инновациялык чечимдерди колдонуу авариялык-куткаруу иш-чараларынын натыйжалуулугун сапаттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле алыскы айыл аймактарынын коопсуздугун камсыздоо артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Бул милдетти ишке ашыруу үчүн «Айыл куткаруучулары» демилгеси ишке киргизилип, акыркы эки жылда анын алкагында 300гө жакын өрт өчүрүүчү бөлүм курулду. Бул чечим 450гө жакын өрттүн чыгышына бөгөт коюуга мүмкүндүк берди. Бул ийгиликтүү тажрыйбаны бардык аймактарда масштабдаштыруу зарыл.
Мамлекет башчысы азыркы шарттарда куткаруучулар кесиптик жөндөмдүүлүктөргө жана сапаттарга ээ болушу керек деп эсептейт: аналитикалык жөндөмдүүлүккө ээ болуу, заманбап технологияларды, анын ичинде учкучсуз жана автоматтык системаларды башкаруу боюнча билимге ээ болуу. Жаңы муундагы куткаруучуларды даярдоодо жарандык коргоо академиясына негизги роль берилет. Президент ошондой эле коопсуздук ар бир адамдын жеке жоопкерчилигинен башталарын, ал эми этиятсыздык жана шалаакылык коомдун өнүгүү жолундагы тоскоолдуктар болуп каларын эскертти. Ошондуктан, өнүгүүчү эл болуу үчүн жаштарда мыйзамга баш ийүү, тартипти сүйүү жана айлана-чөйрөгө кам көрүү сезимин калыптандыруу зарыл, деп ишенет Касым-Жомарт Токаев. Ошондой эле бүгүн ал 13 адамды белгиледи. Кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана жан аябастыгы үчүн мамлекет башчысы аларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

