«Адилет» партиясы Президенттин кайрылуусун ишке ашырууга киришти

«Адилет» партиясы Президенттин кайрылуусун ишке ашырууга киришти

«Адилет» партиясы Президенттин Казакстан элине кайрылуусун ишке ашыруу боюнча милдеттерди аныктады. Алдыдагы бир айдын ичинде өлкө боюнча үч миңден ашык иш-чара өткөрүү пландалууда. Калк менен болгон жолугушууларда Мамлекет башчысынын демилгелери талкууланат. Милдет - алардын мазмунун түшүндүрүү гана эмес, жарандар менен диалог түзүү. Ошол эле учурда, мыйзам чыгаруу иштери да жүргүзүлөт. Фракция серепчилер жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте жаңы Жарандык кодексти иштеп чыгууга, салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү даярдоого жана чакан бизнести текшерүүгө үч жылдык мораторий киргизүү маселесин кароого катышат. Кеңейтилген жыйында «Элдик курулуш» демилгеси да талкууланды. Курултайдын жана «Адилет» партиясынын төрагасы Айбек Дадебай партиялык түзүмдөр бул демилгени ишке ашырууда кандай роль ойной турганын айтып берди.

Айбек Дадебай, курултай төрагасы, «Адилет» партиясынын төрагасы:

–  Эң негизгиси, курулуш иштери калктын чыныгы муктаждыктарына ылайык жүргүзүлүшү керек. Ошондуктан, тургундардын сунуштарын чогултуп, долбоорлорду пландаштырууда жана ишке ашырууда аларды эске алуу маанилүү. Партиянын алдында  партиялык көзөмөл комитети түзүлүп, анын аймактык жана жергиликтүү комиссиялары иштей баштады. Комитет конкреттүү объектилерде да көзөмөлдү күчөтүшү керек. Бул үчүн курулуштарда партиялык көзөмөл постторун ачып, алардын системалуу ишин жолго коюу зарыл. Бирок, ошол эле учурда курулуштун өзүнө тоскоолдук жаратпоо кажет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков