Санарип чөйрөдө балдардын коопсуздугу, жасалма интеллекттин алардын өнүгүүсүнө тийгизген таасири жана жашы жете электерди жаңы технологиялык коркунучтардан коргоо зарылчылыгы. Бул темалар Астанада өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн эл аралык форумунда негизги болуп калды. Ага Кытай, Жапония жана Финляндиянын өкүлдөрү да катышты. Иш-чара ЮНИСЕФтин колдоосу менен өттү. Катышуучулар Казакстандын балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү тажрыйбасы, Мамлекет башчысы демилгелеген мыйзамдык жана институционалдык реформаларды ишке ашыруу менен таанышышты. Мисалы, «Улуттук фонд - балдарга» программасы боюнча фонддун инвестициялык кирешесинин жарымы жыл сайын 18 жашка чыга элек балдарга бөлүнөт. Мындан тышкары, балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү үчүн ЮНИСЕФ менен кызматташуу боюнча парламенттик топ түзүлгөн. Борбор Азия өлкөлөрүнүн балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жашы жете электердин укуктарын коргоо үчүн санариптик коопсуздук жана инклюзия боюнча тажрыйба алмашууга, биргелешкен сунуштамаларды иштеп чыгууга ниеттенишүүдө.
Наджат Маалла М’жид, балдарга карата зордук-зомбулукка каршы боюнча бириккен улуттар уюмунун башкы катчысынын атайын өкүлү:
– Санарип дүйнө тобокелдиктерге да, мүмкүнчүлүктөргө да толгон. Азыркы учурда биз ар кандай өнүмдөрдү жана материалдарды биринчи ишке киргизип, анан балдарды кантип коргоо керектигин ойлоно баштайбыз. Ошондуктан, биз жасалма интеллекттин бардык системаларында, оюн платформаларында, социалдык тармактарда гана эмес, балдарды коргоо жана алардын маалыматтарынын купуялуулугун камсыз кылуу иштеп чыгуу этабында милдеттүү талаптар болушун камсыз кылышыбыз керек.
Динара Закиева, Казакстандагы балдар укуктары боюнча өкүлү, курултай төрагасынын орун басары:
– Жашы жете электердин укуктарын коргоону күчөтүү алкагында 11 мыйзам кабыл алынып, институционалдык система түзүлдү жана 158 конкреттүү чараны камтыган «Қазақстан балалары» программасы бекитилди. Мындан тышкары, Курултайда биз үч жаңы мыйзам долбоорун даярдадык. Алар өзгөчө муктаждыктары бар балдарды колдоого, санариптик, маалыматтык коопсуздукту камсыздоого, ошондой эле балдар үчүн коопсуз инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

