Казакстан Horizon Europe илимий программасына катышуусун кеңейтүүдө

Казакстан Horizon Europe илимий программасына катышуусун кеңейтүүдө

Казакстан илимий изилдөө жана инновациялар боюнча Европа программасы - Horizon Europe программасынын ассоциацияланган өлкөсү болууга кызыкдар. Бул программа илимий иштеп чыгууларды каржылайт жана ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларына жаңы технологияларды биргелешип түзүүгө жардам берет. Серепчилер белгилегендей, мындай макамга ээ болуу казакстандык университеттерге, илимий уюмдарга жана компанияларга эл аралык долбоорлорго кеңири катышууга жана Европанын каржылоосун дагы көбүрөөк тартууга мүмкүндүк берет. Расмий суроо-талап Еврокомиссияга жөнөтүлдү. Азыркы учурда тараптар кызматташуу шарттарын талкуулап жатышат. Ошол эле учурда, казакстандык окумуштуулар жана компаниялар программага буга чейин эле катышып келишет. Бирок, акыркы жылдары арыздардын саны бир топ өскөн. Эгерде 2023-жылы 15 арыз берилген болсо, азыр алардын саны дээрлик 200гө жетти. Өткөн жылы гана алдыңкы изилдөөлөр үчүн грант түрүндө болжол менен 1 миллион 770 миң евро тартылды. Астанада университеттердин, илимий уюмдардын, бизнестин өкүлдөрү жана Европанын серепчилери 2027-жылга сынакка даярдык көрүүнү талкуулашты. Катышуучуларга чет элдик өнөктөштөрдү кантип табуу, биргелешкен изилдөө топторун түзүү жана долбоорлоруна каржылоо алуу боюнча маалымат берилди.

Алия Сембаева, Казакстандагы Horizon Europe улуттук координатору:

– Ал жерде фундаменталдык илимден баштап инновациялык долбоорлорго, стартаптарга, глобалдык компанияларга чейин каржылоо куралдары бар. Казакстандын азыркы учурда сейрек кездешүүчү металлдар боюнча бир катар келишимдери бар жана быйыл сейрек кездешүүчү металлдар тармагында эки келишимге кол коюлду. Медицина, саламаттыкты сактоо тармагында да казакстандык уюмдар каржылоо алышты. Жасалма интеллект - бул Европа Биримдиги үчүн да жаңы багыт жана азыр арыздардын артыкчылыгына карабастан, жасалма интеллект Horizon Europe программасына арыздардын милдеттүү компоненти болуп саналат.

Мариус Пуоджюнас, Казакстандагы Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн саясий, басма жана маалымат бөлүмүнүн кызматкери:

– Бүгүнкү күндө өтө маанилүү болгон чийки заттарга өзгөчө көңүл бурулууда. Анын мааниси жетишсиздиктен жана жеткирүү чынжырларынын туруксуздугунан улам өсүүдө. Казакстан мындай ресурстарга ээ, ошондуктан бул жерде өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Аны өнүктүрүү үчүн ишенимди бекемдөө жана мыйзамдардын алдын ала айтууга мүмкүнчүлүгүн камсыздоо маанилүү. Мындай жолугушуулар пикир алмашууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга жана бул тармактагы мындан аркы кызматташтык үчүн ишенимди бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков