Курман болгон жана жабыркаган аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү материалдык колдоого ээ болушат. Бул тууралуу Өкмөттүк комиссиянын жыйынында айтылды. Үй-бүлөлөргө жардам мамлекеттик төлөмдөрдү жана компенсацияларды, ошондой эле бизнес жана меценаттардын каржылык колдоосун камтыйт. Кайрымдуулук жардамды чогултуу үчүн Маңгыстау облусунун акими тарабынан аныкталган. Фонддун иши туруктуу көзөмөлгө алынды – бардык түшкөн каражаттар жана алардын бөлүштүрүлүшү ачык-айкын болот. Мындан тышкары, Каспий деңизинин акваториясында машыгуу учурунда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө 815 миллион теңге өлкөнүн «Казакстан Элдик кеңешинин» мүчөлөрү тарабынан жөнөтүлөт. Демилгеге ар кайсы аймактардан келген бизнес өкүлдөрү болгон Кеңештин мүчөлөрү кошулушкан. Курултайдын депутаттары колдоо көрсөтүштү. Жеке каражаттарынан 146 миллион теңгеден ашык чогултушту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

