Берлинде Казакстан-Германия бизнес-форуму өттү

Берлинде Казакстан-Германия бизнес-форуму өттү

Казакстан менен Германиянын ортосундагы мамилелер Борбордук Азия менен Европанын ортосундагы көпүрөгө айланууда. Президент Касым-Жомарт Токаев бул тууралуу Берлиндеги бизнес-форумда айтты. Мамлекет башчысы казак-герман өнөктөштүгүнүн негизги багыттарынын бири катары өнөр жай кооперациясын атады. Казакстан немис компаниялары менен жабдык жана механикалык инженерия, робототехника жана өндүрүштү санариптештирүү жаатында кызматташууну кеңейтүүгө даяр.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


– Менин сапарым учурунда немис рыногуна ата мекендик өндүрүштөгү унаа жасоо өнүмдөрүн, анын ичинде немис жабдууларын колдонуу менен жасалган темир жол дөңгөлөктөрүн жеткирүү боюнча макулдашууларга жетишилди. Бул мисалдар биздин экономикалык мамилелерибизди өнүктүрүүнүн кийинки этабын көрсөтүп турат. Биз обочолонгон ийгиликтүү долбоорлордон системалуу өнөр жай өнөктөштүгүнө өтүшүбүз керек. Бул максатта Казакстан флагмандык долбоорлордун бирдиктүү портфелинин негизинде түзүлө турган казак-герман инвестициялык жана өнөр жай демилгесин ишке киргизүүгө даяр.


Казакстан ошондой эле Германия менен маанилүү материалдар, айыл чарбасы жана жасалма интеллект жаатындагы өнөктөштүгүн бекемдөөнү көздөйт. Буга кошумча, өлкө энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо боюнча биргелешкен долбоорлорду баштоону сунуштап, зарыл болгон жабдууларды кийинчерээк Борбор Азия рыногуна экспорттоо үчүн Казакстанда өндүрүлөт. Кадрларды даярдоо да негизги багыт болуп саналат. Касым-Жомарт Токаев ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу менен байланышкан казак-герман өнөр жай компетенция борборлорун түзүүнү сунуштады. Президент Франк-Вальтер Штайнмайер өз кезегинде Казакстан менен стратегиялык өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал сапар учурунда кол коюлган көптөгөн эки тараптуу келишимдер Борбордук Азиядагы негизги соода өнөктөшү менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон умтулууну көрсөтүп турганын билдирди.


Которгон: Илгиз Жамалбеков