Бельгия Казакстан менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө гана эмес, ошондой эле өлкөнүн конституциялык жана парламенттик реформаларды жүргүзүү, улуттар аралык ынтымакты жана тил саясатын өнүктүрүү боюнча тажрыйбасын үйрөнүүгө да кызыкдар. Бул тууралуу Казакстандын Бельгиядагы элчиси Роман Василенко эксклюзивдүү маек учурунда билдирди. Анын айтымында, Бельгиянын Падышасы Филипп менен Ханыша Матильданын Казакстанга жасаган биринчи мамлекеттик сапары кызматташтык жана эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Роман Василенко, Казакстандын Бельгиядагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, Казакстандын ЕБ жана НАТОдогу өкүлчүлүгүнүн башчысы:
– Бельгия Казакстанды абдан маанилүү соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөш катары карайт. Бул жерде глобалдык жарышта өтө маанилүү чийки зат материалдар үчүн Казакстан кызматташууга ачык болгон негизги өнөктөш боло аларын азыртан эле түшүнүп жатышат. Албетте, Казакстан Ортоңку коридордо маанилүү орунду ээлейт, ал эми Бельгия Европа рыногуна кирүүчү негизги пункттардын бири болгон «Антверпен-Брюгге» портунун ишинин аркасында Казакстан менен кызматташтыкты орнотууга кызыкдар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

