К. Токаев «Казак тили» эл аралык коомунун X курултайында сөз сүйлөдү

К. Токаев «Казак тили» эл аралык коомунун X курултайында сөз сүйлөдү

Казак тили эгемендүүлүктүн бекем символу, мекендин мамлекеттик тили жана улутубуздун түбөлүктүү руху катары кабыл алынышы керек. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Эл аралык «Казак тили» коомунун X курултайында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Касым-Жомарт Токаев казак тилине урмат-сый менен мамиле кылуу жарандык жана адамдык милдет экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө анын колдонуу чөйрөсү кеңейүүдө. Быйыл мектеп босогосун аттаган окуучулардын 71 пайызы казак тилдүү класстарга кабыл алынды. Колледждер менен ЖОЖдордо казак бөлүмдөрүнүн саны артты.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Казак тили бардык тармактарда, анын ичинде чыгармачылык тармагында кеңири колдонулат. Эне тилибизде жарык көргөн китептердин, ырлардын, тасмалардын базардагы үлүшү өстү. Мисалы, былтыр басылып чыккан 6 миңден ашык китептин 70 пайызы казак тилинде чыккан. Ал эми быйыл Казакстанда тартылган 71 тасманын 63ү эне тилибизде жарык көрдү. Бул көрсөткүчтөр коомчулукта казак тилине болгон суроо-талап жогору экенин айгинелейт.

Казак тили алдыңкы технологиялар тармагына кеңири киргизилүүдө. Өлкөдө мамлекеттик тилде кызмат көрсөткөн санариптик платформалар ийгиликтүү иштеп жатат. Эне тилдин дараметин дүйнөнүн алдыңкы технологиялык компаниялары да моюнга алууда.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Мисалы, Open.AI жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, казак тили акыркы үч жылда жасалма интеллект системаларында колдонуу чөйрөсү боюнча тездик менен кеңейген тилдердин катарына кирет. Мисалы, Yandeх  анын белгилүү өнүмдөрүнүн бирин казакча колдонгондордун саны былтыркыдан 30 пайызга өскөнүн ырастайт. Google өткөн жылы Gemini тилинин моделине казак тилин да кошкон.

Президент тил илими үчүн универсалдуу, жеткиликтүү санариптик системаны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Касым-Жомарт Токаев бул ишти келерки жылдын аягына чейин бүтүрүүнү тапшырды. Ошондуктан биринчи кезекте казак тилиндеги китептерди, мезгилдүү басылмаларды, аудио-видео жазууларды, архив, музей коллекцияларын санариптештирүү зарыл. Мындан тышкары казак тилинин орфографиясынын илимий негиздерин изилдеп, тез арада иретке келтирүү зарыл. Бул милдет кесипкөй тилчилерден, окумуштуулардан турган атайын жумушчу топко жүктөлөт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Биз казак тилин эл аралык тил коомчулугунда өз орду бар тил катары өнүктүрүүбүз керек. Эне тилибиздин башка тилдер менен байланышын камсыз кылуу абдан маанилүү. Бул багытта Казак тили коому ишке ашырып жаткан Oxford Qazaq Dictionary долбоорун улантуу керек деп эсептейм. Мен бул сөздүктү жеке өзүм карап чыктым жана жалпысынан пайдалуу эмгек деп эсептейм. Казак тилин Бириккен Улуттар Уюмунун негизги расмий тилдери менен байланыштырган сапаттуу эки жана көп тилдүү сөздүктөрдү иштеп чыгууга убакыт жетти.

Президент өлкөнүн социалдык-экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков