Астанада өткөн эл аралык тегерек үстөлдүн катышуучулары эл аралык медиацияны өнүктүрүү жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселелерин талкуулашты. Парламентаризм институтунун аянтчасында өткөн бул иш-чара мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, илимий коомчулуктун өкүлдөрүн жана кесипкөй медиаторлорду бириктирди. Серепчилер превентивдүү дипломатиянын механизмдерин, мамлекеттер аралык ишенимди бекемдөөнү жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылууда ортомчулуктун ролун карап чыгышты. Алардын айтымында, Казакстан эл аралык диалогго көмөктөшүү жана сүйлөшүү аянтчаларын уюштуруу боюнча олуттуу тажрыйбага ээ. Мындай демилгелердин актуалдуулугу геосаясий кырдаалдын туруксуздугуна байланыштуу өсүүдө. Президент Касым-Жомарт Токаев өзүнүн жакында жасаган Кайрылуусунда белгилегендей, азыркы дүйнөдөгү кырдаал «кансыз согуш» жылдарына караганда татаал жана алдын ала айтууга мүмкүн болбой калды. Мындай шартта чыр-чатактардын алдын алууга жана өзөктүк куралсызданууну илгерилетүүгө көмөктөшө ала турган эл аралык кызматташтыктын жаңы форматтарын өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ болууда. Жолугушууда каралган негизги демилгелердин бири — Казакстанда Эл аралык медиация борборун түзүү болду.
Жамаладен Ибрагимов, Л.Н. Гумилёв атындагы ЕУУнун конституциялык жана жарандык укук кафедрасынын профессору:
– Медиация институтун андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү үчүн жаңы форматтарды иштеп чыгуу жана ачуу керек деп ойлойм. Ошол форматтардын бири – медиацияны өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм деп эсептейм. Бул долбоордун алкагында серепчилерибиз, медиаторлорубуз, окумуштууларыбыз жана юристтерибиз өз пикирлери менен бөлүшө турган, ошондой эле мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу ишине катыша ала турган атайын аянтча түзүү каралууда.
Шолпан Саймова, парламентаризм институтунун аткаруучу мүдүрү, PHD:
– Казакстан бүгүнкү күндө дүйнөдөгү глобалдык чакырыктарды талкуулоодо жана аларды чечүү жолдорун издөөдө ортомчу катары өз ролун аткарып келет. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө медиация жетиштүү деңгээлде өнүккөн, анын өзүнчө мыйзамы бар, бирок азыр эл аралык медиацияны өнүктүрүү маселесин талкуулоо зарылчылыгы келип чыкты. Мисалга алсак, быйылкы жылдын ичинде эле жарандык иштер боюнча жүз миңден ашык маселе медиация жолу менен чечилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

