Бул жылы 7 айда Казакстан менен Литванын ортосундагы товар алмашуу 78 миллион долларга жетти. Мындай маалыматтар Астанада эки өлкөнүн бизнес-форумунда жарыяланды. Жылдын биринчи жарым жылдыгында транзиттик автоунаа жүк ташуу көлөмү 6 эседен ашык көбөйдү. Форумдун катышуучулары бул өсүштү, анын ичинде казак товарларынын европалык рынокторго ыңгайлуу чыгуусун камсыз кылган Клайпеда портунун инфраструктурасынын мүмкүнчүлүктөрү менен байланыштырышат. Транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн темаларынын бири болду. Тараптар ошондой эле ишкер байланыштарды мындан ары кеңейтүү келечегин талкуулашты.
Криступас Вайтекунас, Литва Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары:
– Бул сапардын максаты - Тышкы иштер министрлиги менен, тышкы иштер министринин орун басары кесиптешим менен кеңешмелерди өткөрүү. Сапардын экинчи максаты экономикалык кызматташтыкка байланыштуу. Бул жылы Казакстанга 15ке жакын компанияны камтыган абдан көрүнүктүү бизнес миссиясы келди. Ошентип, литвалык бизнестин Казакстанга болгон кызыгуусу өсүп жатканын жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык кызматташтык кеңейип жатканын айтсак болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

