Казакстан «жашыл»
технологиялар жана туруктуу өнүгүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты
кеңейтүүнү улантууда. Жаңы долбоордун бири катары Алатау шаарында экологиялык
жактан таза авиациялык отун өндүрүү боюнча интеграцияланган экосистеманы түзүү
пландалууда. Бул тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга Премьер-министр
Олжас Бектенов менен Гонконгдун Full Vision Capital компаниясынын негиздөөчүсү Питер
Линин жолугушуусунда кол коюлду. Документ айыл чарба чийки затын өстүрүүдөн
тартып туруктуу авиациялык отун чыгарууга чейинки толук өндүрүш циклин иштеп
чыгууну, интеллектуалдык энергетикалык чечимдерди жана энергияны топтоонун
заманбап системаларын киргизүүнү карайт. Долбоорду ишке ашыруу Алатау шаарын
алдыңкы технологияларды сыноочу пилоттук аянтча катары өнүктүрүүгө, инвестицияларды
тартууга жана Казакстандын туруктуу энергетика тармагындагы позициясын чыңдоого
өбөлгө түзөт.
Которгон: Назира Бегалиева

