Казакстан менен Бельгия кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашты. Негизги багыттардын катарына транспорт жана логистика, маанилүү минералдар, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, биотехнологиялар, космостук технологиялар жана санариптештирүү кирет. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Бельгиянын падышасы Филипп басма сөз өкүлдөрү үчүн биргелешкен брифинг өткөрүп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Экономикалык кызматташтык эки тараптуу мамилелерибиздин негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Бельгия Казакстандын алдыңкы инвестициялык өнөктөштөрүнүн катарына кирет. 2005-жылдан бери Бельгиянын Казакстандын экономикасына салган инвестицияларынын көлөмү 15 миллиард доллардан ашты. Бул тарыхый сапарга бельгиялык алдыңкы компаниялардын өкүлдөрүнүн катышып жатканына кубанычтамын. Бул Бельгиянын Казакстандын экономикалык дараметине болгон ишенимин айкын көрсөтүп турат. Өкмөтүбүз бельгиялык инвесторлордун катышуусун кеңейтүү, Казакстанда жаңы келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү улантат. Бул долбоорлордун толук көлөмдө жана өз убагында ишке ашырылышы менин жеке көзөмөлүмдө болот.
Тараптар маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоону көздөшөт. Өз ара кызыкчылыктар чөйрөсүнө биргелешкен билим берүү программаларын жана академиялык алмашууларды өнүктүрүү, эки өлкөнүн салттары жана көркөм мурастары менен тааныштыруу үчүн көргөзмөлөрдү өткөрүү кирет. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар актуалдуу эл аралык маселелер боюнча да пикир алмашып, Казакстан менен Бельгиянын эл аралык укук ченемдерин сактоого бекем экенин баса белгилешти. Тараптар Казакстан менен Евробиримдиктин стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн тастыкташты, ал Касым-Жомарт Токаевдин Брюсселге жакында болгон сапарынын алкагында кол коюлган келишимдерде бекемделген. Өз кезегинде Бельгиянын Падышасы Филипп Казакстандын Президентине жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы отуз жылда өлкөлөр бекем байланыштарды түзгөнүн белгиледи. Монарх өзүнчө өлкөнүн эл аралык аренадагы беделинин жогорулашына жана экономиканын бардык тармактарындагы динамикалык өсүшүнө токтолду.
Филипп, Бельгия Падышасы:
– Казакстандын дүйнөлүк аренадагы ордун бекемдеп жатканы таасирдүү. Жакында эле казакстандыктар өлкөнүн жаңы умтулуусун чагылдырган конституциялык реформаны колдошту. Бардык жагынан алганда, Казакстан бүгүнкү күндө көп кылымдык негизге таянган жана салтты сыйлаган заманбап коомду билдирет. Жогорку билимдүү калкы, көп сандаган орто катмары жана заманбап инфраструктурасы менен өлкө келечектеги чакырыктарга жооп берүүгө даяр. Казакстан санариптештирүүнүн алдыңкы сабында турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

