Казакстан транспорттук-транзиттик дараметин жогорулатууга ниеттенүүдө. Курултай эл аралык жол менен жүк ташуу келишими жөнүндө конвенцияга электрондук жүк коштомо кагазына байланыштуу кошумча протоколду ратификациялады. Бул өлкөнүн эл аралык жүк ташуу тармагын санариптик документ жүгүртүүгө өткөрүүгө жол ачат. Белгилей кетсек, учурда документтер Конвенцияга ылайык кагаз түрүндө таризделет. Кабыл алынган кошумча протокол маалыматтарды иштеп жаткан маалыматтык системалар аркылуу электрондук форматта колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Башкача айтканда, система бизнес чыгымдарын жана административдик тоскоолдуктарды азайтууну, ташуучулар менен ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда ыкчам маалымат алмашууну камсыз кылат. Эске сала кетсек, Президенттин Кайрылуусунда эл аралык транспорт багыттарын электрондук системага өткөрүү зарылдыгы белгиленген болчу.
Максат Калиакпаров, Казакстан Республикасынын транспорт вице-министри:
– Казакстан Бажы бирлигинин алкагында аталган долбоорду ишке ашырууга киришти. Ушул жылдын тогуздун айынын 15де Казакстан-Орусия багыты боюнча электрондук жүк коштомо кагаздарын колдонуу менен унаа ташуу боюнча алгачкы пилоттук долбоор ишке киргизилди. Бул ташуу тармагындагы санариптик өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүгө негиз болот. Электрондук документтерди киргизүү тажрыйбасы оң натыйжа көрсөттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

