Казакстандын экономикасы ушул жылдын он айында 4,5%га өстү. Негизги салымды чийки заттык эмес сектор камсыздап, ал болжол менен 6%га көбөйдү. Өнөр жай өндүрүшү 3,5%га, ал эми кайра иштетүү өнөр жайы 9%дан ашык өстү. Эң жогорку өсүш фармацевтика тармагында катталды – дээрлик 51%. Ошондой эле унаа жасоо, металл буюмдарын, химиялык жана тамак-аш өнүмдөрүн өндүрүү тармактарында да оң динамика байкалды. Курулуш материалдарын чыгаруу 5%дан ашык өстү. Өсүш башка тармактарда да – курулуш, транспорт, соода, айыл чарба жана байланыш тармактарында да белгиленди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

