Немис компаниялары Alatau City долбоорун өнүктүрүүгө кызыкдар

Немис компаниялары Alatau City долбоорун өнүктүрүүгө кызыкдар

Жаңы өндүрүштөр, инвестициялар жана заманбап технологиялар. Мындай мүмкүнчүлүктөрдү немис бизнеси менен кызматташуу үчүн жаңы технологиялык шаар – Alatau City ачып жатат. Келечектүү багыттардын катарына өнөр жай, унаа жасоо, саламаттыкты сактоо жана санариптик экономика кирет. Эки өлкөнүн ишкердик байланыштарын бекемдөөдө өкмөттөрдүн жана бизнес өкүлдөрүнүн туруктуу байланышы, ошондой эле биргелешкен экономикалык аянтчалар маанилүү роль ойнойт.  Мындай пикири менен Германиянын Казакстандагы элчисинин туруктуу орун басары Ульрих Кинне бөлүштү.

Ульрих Кинне, Германиянын Казакстан Республикасындагы элчисинин туруктуу орун басары:

–  Казакстан — Германия жана бүткүл дүйнө үчүн стратегиялык мааниси тынымсыз өсүп, тез өнүгүп жаткан экономика. Диверсификация шартында Казакстан абдан маанилүү өнөктөш боло алат. Мисалы, германиялык Knauf компаниясы Казакстандагы ишмердүүлүгүн кеңейтүү ниетин билдирди. Көптөгөн немис компаниялары бул жерде өз өнүмдөрүн чыгарышат жана өндүрүштү локализациялоого активдүү катышууда. Alatau City долбоору Knauf үчүн гана эмес, башка көптөгөн немис компаниялары үчүн да өлкөдөгү ишмердүүлүгүн мындан ары кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков